Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Рут 1:1—22

1  Бийлер башкарып турган убакта+ өлкөдө ачарчылык башталды+. Ошондо бир киши аялы, эки уулу менен Жүйүт жериндеги Бетлехемден+ чыгып, Маап+ жерине жашаганы кетти.  Анын аты Элимелек, аялыныкы Наами, ал эми эки уулунун аттары Махлон, Килион эле. Алар Жүйүттөгү Бетлехемде жашаган эфраталыктар+ болчу. Ошентип, Маап жерине жетип, ошол жакта жашап калышты.  Бир канча убактан кийин күйөөсү Элимелек көз жумуп, Наами эки уулу менен калды.  Кийинчерээк уулдары мааптык кыздарга үйлөнүштү+. Бир келининин аты Орпа, экинчисиники Рут эле+. Алар ал жерде он жылга жакын жашашты.  Бир нече убакыт өткөн соң Махлон да, Килион да көз жумду. Ошентип, Наами эки уулунан да, күйөөсүнөн да ажырап калды.  Ошондо ал келиндерин ээрчитип, Маап жеринен чыкты, анткени ал жакта жүргөндө Жахабанын өз элине назарын салып+, аларга нан бергенин укту+.  Наами жашаган жеринен чыгып+, Жүйүт жерин көздөй жол тартты. Келиндери да аны менен кошо чыгышты.  Жолдон Наами эки келинине: «Баргыла, өз энеңердин үйүнө кайткыла. Силер маркум күйөөлөрүңөргө, мага мээримдүүлүк көрсөткөнүңөрдөй эле+, Жахаба да силерге мээримдүүлүк көрсөтсүн+.  Жахаба силерге батасын берсин+, экөөң тең турмушка чыгып, күйөөңөрдүн үйүнөн бейкуттук тапкыла»,— деди да+, аларды өптү+. Анан алар боздоп ыйлай башташты. 10  Келиндери ага: «Жок, биз сиз менен бирге сиздин элиңизге барабыз»,— дешти+. 11  Наами болсо мындай деди: «Кайткыла, кыздарым. Мени менен барып эмне кыласыңар? Курсагымда силерге күйөө боло тургандай балдарым бар бекен?+ 12  Кайткыла, кыздарым, күйөөгө тийгидей мен жаш эмесмин. Үмүтүм бар деп айткан күндө да, атүгүл бүгүн түнү күйөөм менен болуп, уулдарды төрөсөм да+, 13  алар чоңойгуча күтмөк белеңер? Күйөөгө тийбей, жалгыз жүрө бермек белеңер? Жок, кыздарым. Жахабанын колу мага каршы көтөрүлгөндүктөн+, силерди ойлоп аябай кайгырып жатам». 14  Ошондо алар ого бетер ыйлай башташты. Анан Орпа кайненесин өөп, аны менен коштошту. Ал эми Рут жанында калды+. 15  Наами ага: «Мына, жесир калган абысының өз элине, өз кудайларына кайтты+. Сен да аны менен кайт»,— деди+. 16  Рут болсо: «Сизди таштап кетишимди суранбаңыз, артка кайтышымды өтүнбөңүз. Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам. Сиз кайсы жерге түнөсөңүз, мен да ошол жерге түнөйм+. Сиздин элиңиз менин элим болот+, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот+. 17  Сиз кайсы жерде өлсөңүз, мен да ошол жерде өлөм+, сөөгүм ошол жерге коюлат. Эгер сизден өлүмдөн башка себеп менен ажырасам, Жахаба мени жазаласын»,— деди+. 18  Наами Руттун өзү менен бирге кетүүнү чечкенин көрүп+, «үйүңө кайт» дебей калды. 19  Анан экөө жолун улап, Бетлехемге келишти+. Алар Бетлехемге келери менен, бүт шаар толкуп, аялдар+: «Бул Наамиби?» — деп жатышты+. 20  Наами аларга: «Мени Наами* дебегиле, Мара* дегиле, анткени Кудурети Күчтүү+ башыма мүшкүл+ түшүрдү. 21  Мен бул жактан түгөл кеткем+, бирок Жахаба мени куру кол кайтарды+. Жахаба мени кемсинтип+, Кудурети Күчтүү башыма мүшкүл түшүргөн соң+, мени эмнеге Наами демек элеңер?» — деди. 22  Ошентип, Наами мааптык келини Рут менен Маап жеринен+ кайтып келди. Алар Бетлехемге+ арпа орула баштаганда+ келишти.

Шилтемелер

Мааниси: «жагымдуу».
Мааниси: «шордуу».