Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Римдиктер 9:1—33

9  Мен Машаяктын жолдоочусу катары чындыкты айтып жатам+, калп айткан жокмун+. Анткени абийирим ыйык рухтун жетеги менен күбөлөндүрүп жатат:  кайгыга батып, жүрөгүм сыздап турат+.  Мен бир туугандарым+ үчүн, каны бир боордошторум үчүн, Машаяктан ажыратылып, каргышка калууну каалаар элем+.  Кудай ысрайылдыктарды+ уулдары катары асырап алган+, даңкка бөлөгөн+, алар менен келишимдерди түзгөн+ жана Мыйзамын+, ыйык кызмат+ менен убадаларын берген+.  Ата-бабалар+ да алардыкы, Машаяк да алардан чыккан+. Баарынан жогору турган Кудай+ түбөлүккө даңкталсын. Оомийн.  Бирок бул Кудайдын сөзү аткарылбай калганын билдирбейт+. Анткени Ысрайылдан тарагандардын баары эле чыныгы ысрайылдыктар эмес+.  Алар Ыбрайымдын тукуму болгону үчүн эле анын балдары эмес+. Себеби Ыйык Жазмада: «Сага убадаланган „тукум“ Ыскактан чыгат»,— деп жазылган+.  Башкача айтканда, анын тукумунан тараган балдар+, чынында, Кудайдын балдары эмес+. Убада боюнча төрөлгөн балдар+ гана тукум деп эсептелет.  Анткени Кудай: «Эмки жылы ушул убакта келем, ошондо Саара уулдуу болот»,— деп убада берген+. 10  Бирок убада ошол учурда эле эмес, Ребеканын боюна атабыз Ыскактан эгиз бала бүткөндө+ да берилген. 11  Кудайдын тандап алууга байланышкан ой-ниети иштерден эмес+, Чакыргандан көз каранды болушу үчүн+, эгиздер төрөлө электе эле, алар жакшы же жаман иш кыла электе эле, 12  Ребекага: «Улуусу кичүүсүнө кул болот»,— деп айтылган+. 13  Бул тууралуу Ыйык Жазмада: «Мен Жакыпты жакшы көрүп, Эйсапты жек көрдүм»,— деп жазылган+. 14  Анда эмне демекчибиз? Кудай адилетсиздик кылабы?+ Эч качан! 15  Анткени ал Мусага: «Кайрымдуулук кылгым келгенге кайрымдуулук кылам, боорукердик көрсөткүм келгенге боорукердик көрсөтөм»,— деген+. 16  Демек, Кудайдын тандоосу каалагандын да, умтулгандын* да эркинен эмес, кайрымдуу+ Кудайдын эркинен көз каранды+. 17  Ыйык Жазмада Кудайдын фараонго: «Сен аркылуу күчүмдү көрсөтүш үчүн жана ысмым бүт жер жүзүнө жарыяланышы үчүн, сени тирүү калтырдым»,— деп айтканы жазылган+. 18  Демек, ал каалаган адамына кайрымдуулук кылат+, каалаган адамынын тоң моюн болушуна жол берет+. 19  Сен мага: «Анда эмнеге Кудай адамдарды айыпка жыгат? Анын эркине ким каршы чыга алат?» — дейттирсиң+. 20  Оо, адам+, Кудайга каршы сүйлөгүдөй сен кимсиң?+ Жасалган буюм өзүн жасаганга: «Мени эмнеге мындай кылып жасадың?» — деп айтабы?+ 21  Же, эмне, карапачынын+ чопонун үстүнөн бийлиги жокпу? Ал бир эле ылайдан сыйга урунула турган да, сыйга урунулбай турган да идиштерди жасоого укуктуу эмеспи?+ 22  Кудай каарын төгүп, күчүн көрсөтүүнү кааласа да, кыйратылууга даяр турган, каар төгүлө турган идиштерге зор чыдамкайлык көрсөткөн болсо, буга эмне демекчибиз?+ 23  Ошондой жол менен ал даңкка бөлөш үчүн алдын ала даярдаган+, кайрымдуулук көрсөтүлө турган идиштерге+ улуу даңкын көрсөтүүнү+, 24  башкача айтканда, жүйүттөрдүн арасынан эле эмес, башка элдердин арасынан да чакырылган бизге улуу даңкын көрсөтүүнү каалаган болсо+, буга эмне демекчибиз? 25  Ошуя китебинде да Кудай: «Менин элим болбогонду+ „элим“, сүйүктүүм болбогонду „сүйүктүүм“ деп атайм+. 26  Аларга: „Силер менин элим эмессиңер“,— деп айтылган жерде алар „тирүү Кудайдын уулдары“ деп аталат»,— дейт+. 27  Ал эми Ышая Ысрайыл жөнүндө: «Ысрайыл уулдарынын саны деңиз кумундай көп болсо да+, калдыгы эле куткарылат+. 28  Анткени Жахаба жер жүзүндө жашагандарды токтоосуз түрдө, биротоло жоопко тартат»,— деп жар салат+. 29  Ошондой эле, Ышая алдын ала айткандай, «эгер асман аскерлеринин Кудайы Жахаба*+ тукумубузду калтырбаса, Содомдой болуп калмакпыз, Аморго окшоп калмакпыз»+. 30  Анда эмне демекчибиз? Башка элдер адилдикке умтулбаса да, ишенимдин натыйжасында+ пайда болуучу адилдикке жетишти+, 31  Ысрайыл болсо адилдиктин мыйзамына умтулса да, ал мыйзамдын максатына жеткен жок+. 32  Эмне үчүн? Анткени ага ишеним менен эмес, иштер менен жетүүгө умтулган+. Алар «чалынта турган ташка» чалынышты+. 33  Бул жөнүндө Ыйык Жазмада: «Мен Сионго адамдар чалына турган ташты+, алар кулай турган асканы+ коюп жатам. Бирок ким ишенимин ага негиздесе, көңүлү калбайт»,— деп жазылган+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «чуркагандын».
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.