Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Римдиктер 7:1—25

7  Бир туугандар, Мыйзам адамга анын тирүү кезинде үстөмдүк кыларын билбейсиңерби (муну мен мыйзамды билгендерге айтып жатам)?+  Мисалы, күйөөсү бар аял күйөөсү тирүү кезде ага мыйзам менен байланган болот. Ал эми күйөөсү өлүп калса, анын мыйзамынан бошотулат+.  Ошондуктан күйөөсү тирүү кезде башкага турмушка чыкса, ойноштук кылуучу деп аталмак+. Бирок күйөөсү өлүп калса, аял анын мыйзамынан бошотулат. Андыктан башка кишиге турмушка чыкса, ойноштук кылуучу деп аталбайт+.  Анын сыңарындай, силер да, бир туугандарым, Кудайга жемиш бериш үчүн+, Машаяктын денеси аркылуу Мыйзам үчүн өлүп+, башка бирөөгө — өлгөндөрдүн арасынан тирилгенге+ — таандык болуп калдыңар+.  Дененин каалоолоруна+ жетеленип жашап жүргөнүбүздө, өлүмгө дуушар кыла турган жемиш беришибиз үчүн+, дене мүчөлөрүбүздө күнөөгө алып баруучу кумарлар үстөмдүк кылчу; алар Мыйзам аркылуу белгилүү болгон.  Азыр болсо бизди чектеп турган Мыйзам+ үчүн өлүп+, анын бийлигинен бошондук. Ошентип, эски мааниде эмес, тактап айтканда, жазуу түрүндөгү мыйзамдар боюнча эмес+, жаңы мааниде — рух боюнча+ — кул болуп калдык+.  Анда эмне демекчибиз? Мыйзамда кемтик барбы?*+ Албетте, жок! Эгер Мыйзам болбосо, күнөө эмне экенин билмек эмесмин+. Мисалы, Мыйзамда: «Көз артпа»,— деп айтылбаса+, көз артуунун туура эмес экенин билмек эмесмин+.  Бирок күнөө ошол осуяттын+ негизинде менде көз артуунун ар кандай түрүн пайда кылды. Себеби мыйзам жокто күнөө өлүк болчу+.  Мыйзам жок кезде мен тирүү болчумун+. Ал эми осуят пайда болгондо+, күнөө жанданды, мен болсо өлдүм+. 10  Ошондо өмүргө алып баруучу осуяттын+ өлүмгө алып барарын билдим+. 11  Себеби күнөө осуяттын негизинде мени азгыруунун жолун таап+, осуят аркылуу өлтүрдү. 12  Ошондуктан Мыйзам ыйык+, осуят да ыйык, адил+ жана жакшы+. 13  Анда, эмне, мени жакшы нерсе* өлтүрдүбү? Албетте, жок! Мени күнөө өлтүрдү. Күнөө деген эмне экени айкын болушу үчүн, мени күнөө жакшы нерсе аркылуу өлтүрдү+. Ошентип, осуят аркылуу күнөөнүн канчалык оор экени ачык көрүндү+. 14  Биз билгендей, Мыйзамды Кудай берген*+, мен болсо күнөөгө кулчулукка сатылган пендемин+. 15  Эмне кылып жатканымды өзүм билбейм. Анткени кылгым келген нерсени кылбайм да, жек көргөн нерсемди кылам. 16  Эгер кылгым келбеген нерсени кылып жатсам+, анда Мыйзамдын жакшы экенине кошулам+. 17  Бирок азыр аны мен эмес, ичимде жашаган күнөө кылып жатат+. 18  Менде, башкача айтканда, денемде жакшы нерсе жашабайт+, анткени жакшылык кылууну каалаарын каалайм+, бирок кылбайм+. 19  Кылгым келген жакшы нерсени кылбайм да+, кылгым келбеген жаман нерсени кайра-кайра кылам. 20  Эгер кылгым келбеген нерсени кылып жатсам, анда аны мен эмес, ичимде жашаган күнөө кылып жатат+. 21  Ушундан улам мындай мыйзам бар экенин байкадым: туура нерсени кылгым келгенде+, жанымда жаман нерсе турат+. 22  Жүрөгүмдө+ Кудайдын мыйзамынан ырахат алам+, 23  ал эми денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам+. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга+ каршы күрөшүп+, мени денемдеги күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет+. 24  Мен бир байкуш адаммын! Ушундай өлүмгө дуушар болуп жаткан денеден мени ким куткарат?+ 25  Мени Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!+ Ооба, мен акылым менен Кудайдын мыйзамына+, ал эми денем менен күнөөнүн мыйзамына кулмун+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Мыйзам күнөөбү?»
Б. а. Кудайдын Мыйзамы.
Сөзмө-сөз: «Мыйзам рухий».