Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Римдиктер 6:1—23

6  Анда эмне демекчибиз? Ырайым дагы көп көрсөтүлүшү үчүн, күнөө кыла беришибиз керекпи?+  Эч качан! Биз күнөө үчүн өлгөнбүз+, анан кантип күнөө кылып жашай бермек элек?+  Же баарыбыз Машаяк Иса менен биригүү үчүн чөмүлтүлгөндө+ анын өлүмүнө ортоктош болуу үчүн чөмүлтүлгөнүбүздү билбейсиңерби?+  Андыктан анын өлүмүнө ортоктош болуу үчүн чөмүлтүлгөндө биз аны менен бирге көмүлгөнбүз+. Ошентип, өлгөндөрдүн арасынан Атасынын даңктуу күчү менен тирилген Машаякка окшоп+, биз да жаңы жашоо өткөрө баштадык+.  Эгер Машаяк менен аныкындай өлүм аркылуу бириксек+, анда аны менен аныкындай тирилүү аркылуу биригерибиз да шексиз+.  Анткени күнөөкөр денебиз бизге үстөмдүк кылбашы үчүн+ жана мындан ары күнөөгө кул болбошубуз үчүн+, эски табиятыбыз Машаяк менен бирге устунга кадалганын билебиз+.  Себеби өлгөн адам күнөөсүнөн арылат+.  Эгерде Машаяк менен бирге өлгөн болсок, анда аны менен бирге жашай турганыбызга да ишенебиз+.  Анткени өлгөндөрдүн арасынан тирилген Машаяктын+ кайра өлбөй турганын+, өлүмдүн ага эми үстөмдүк кылбай турганын билебиз. 10  Ал күнөөнү биротоло жок кылуу үчүн өлгөн+, азыр болсо Кудай үчүн жашап жатат+. 11  Силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүк деп+, ал эми Кудай үчүн Машаяк Иса аркылуу тирүү деп эсептегиле+. 12  Андыктан дене кумарларына баш ийбешиңер үчүн+, күнөөнүн өлө турган денеңердин үстүнөн падыша катары бийлик кылышына жол бербегиле+. 13  Ошондой эле дене мүчөлөрүңөрдү күнөөгө адил эместиктин куралы+ катары бербегиле+, тескерисинче, өзүңөрдү Кудайга өлгөндөрдүн арасынан тирилгендер катары жана дене мүчөлөрүңөрдү адилдиктин куралы+ катары бергиле+. 14  Күнөө силерге үстөмдүк кылбашы керек, анткени силер мыйзамдын эмес+, ырайымдын бийлиги астындасыңар+. 15  Анда, эмне, мыйзамдын эмес+, ырайымдын бийлиги астында болгондуктан+ күнөө кыла берелиби? Албетте, жок! 16  Өзүңөрдү кимге кулдукка берип, кимге баш ийсеңер, ошого кул болоруңарды билбейсиңерби?+ Силер же өлүмгө алып баруучу+ күнөөнүн+, же адилдикке жеткире турган+ тил алчаактыктын+ кулусуңар. 17  Бирок мен Кудайга ыраазымын, себеби күнөөнүн кулу болуп келсеңер да, азыр өзүңөр үйрөтүлгөн окутууга чын жүрөктөн баш ийип жатасыңар+. 18  Ооба, силер күнөөнүн кулчулугунан бошонуп+, адилдиктин+ кулу болуп калдыңар+. 19  Денеңердин алсыз экенин эске алып+, адамдар түшүнгөн сөздөр менен айтып жатам: мурун мыйзамсыз иштерди кылуу үчүн дене мүчөлөрүңөрдү+ ыпыластык+ менен мыйзамсыздыктын кулу кылганыңардай эле, эми ыйык иштерди кылуу үчүн дене мүчөлөрүңөрдү адилдиктин кулу кылгыла+. 20  Анткени күнөөнүн кулу болуп жүргөнүңөрдө+, адилдик силерге кожоюн эмес болчу. 21  Ошол убакта жемишиңер кандай эле?+ Азыр өзүңөр уялып жаткан иштер+. Алардын жыйынтыгы — өлүм+. 22  Эми болсо күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар+, ошондуктан силердин жемишиңер+ — ыйыктык; анын жыйынтыгы — түбөлүк өмүр+. 23  Анткени күнөө үчүн жаза — өлүм+, ал эми Кудайдын белеги+ — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган+ түбөлүк өмүр+.

Шилтемелер