Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Римдиктер 3:1—31

3  Анда жүйүт болуунун кандай артыкчылыгы бар+ же сүннөткө отургузулуунун кандай пайдасы бар?+  Бардык жагынан чоң артыкчылыгы, чоң пайдасы бар. Анткени баарынан мурда Кудайдын ыйык сөздөрү жүйүттөргө берилген+.  Анда, эмне, эгер айрымдары ишенбей жатса+, алардын ишенбестиги Кудайдын ишенимдүүлүгүн+ жокко чыгарабы?+  Эч качан! Адамдардын баары жалганчы болуп чыкса да+, Кудай чынчыл+. Анткени Ыйык Жазмада: «Сен сүйлөгөн сөздөрүң менен адилсиң, сотто жеңип чыгасың»,— деп жазылган+.  Биздин адил эместигибиз Кудайдын адил экенин+ айкын кылып жатса, анда эмне демекчибиз? Каарын төгүү менен Кудай адилетсиздик кылабы?+ (Муну пенде катары+ айтып жатам.)  Эч качан! Болбосо Кудай дүйнөнү кантип соттойт?+  Мен жалган сүйлөгөн күндө да, ошонун аркасында Кудайдын чындыгы+ мурдагыдан да айкын болуп, Ал даңкталса, анда эмнеге күнөөкөр катары соттолушум керек?+  Бизге жалаа жапкан кээ бир адамдардын айтымында+: «Жакшылык болушу үчүн, жамандык кылалы»,— дейт имишпиз+. Анда ошентип айтканга эмне үчүн болбосун? Адилеттик боюнча+, андайлар соттолушу керек+.  Анда, эмне, биздин абалыбыз башкалардыкынан жакшыраакпы?+ Андай эмес! Анткени, буга чейин айкын көрсөткөнүбүздөй, жүйүттөр да, гректер да — баары күнөөнүн бийлиги астында+. 10  Бул тууралуу Ыйык Жазмада мындай делген: «Бир да адил адам жок+. 11  Түшүнүгү бар эч ким жок, Кудайды издеген бир да киши жок+. 12  Баары жолдон четтеп кетишти, бүт баары жараксыз болуп калышты. Жакшылык кылган киши жок, бирөө да жок»+. 13  «Алардын кекиртеги оозу ачык мүрзөдөй, алар тилдери менен алдашат»+. «Эриндеринде жыландын уусу бар»+. 14  «Ооздору каргышка, заарга толгон»+. 15  «Буттары кан төгүүгө шашат»+. 16  «Жолдору кыйроо менен кайгыга алып барат+. 17  Алар тынчтык жолунда жүрүүгө үйрөнүшкөн жок»+. 18  «Көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди көрбөйсүң»+. 19  Биз билгендей, баарынын оозу жабылып+, Кудай бүт дүйнөнү жазага тартышы үчүн+, Мыйзамдагы+ сөздөрдүн баары Мыйзамдын бийлиги астындагыларга айтылган+. 20  Ошондуктан эч ким мыйзамда талап кылынган иштерди аткаруу менен Кудайдын алдында адил деп жарыяланбайт+. Себеби мыйзам+ аркылуу күнөө деген эмне экени так билинет+. 21  Бирок азыр, Мыйзамда+ жана пайгамбарлардын китептеринде+ көрсөтүлгөндөй+, адам Кудайдын алдында мыйзамдын жардамысыз эле адил боло алары+ айкын болду. 22  Ооба, ишенгендердин баары Иса Машаякка+ болгон ишеними+ аркылуу Кудайдын алдында адил боло алышат, анткени алардын ортосунда айырма жок+. 23  Себеби бардыгы күнөө кетирип+, Кудайдын даңкынан айрылып калышкан+. 24  Бирок Кудай аларды Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде эркиндикке чыгарып+, өзүнүн ырайымы менен+ адил деп жарыялады. Бул — анын берген белеги+. 25  Өзүнүн адилдигин көрсөтүү үчүн Кудай Машаякты анын канына+ болгон ишенимдин негизинде элдештирүүчү курмандык катары берди+. Анткени Кудай сабырдуулук көрсөтүп+, мурунку күнөөлөрдү кечирип келген+. 26  Муну менен ал өзүнүн адилдигин+ азыркы убакта да, Исага ишенгендерди адил деп жарыялай+ турган убакта да көрсөтүүнү каалаган. 27  Анда мактанууга кандайдыр бир себеп барбы?+ Эч кандай себеп жок. Кайсы мыйзамдын негизинде?+ Иштерди талап кылган мыйзамдынбы?+ Жок, ишенимди талап кылган мыйзамдын негизинде+. 28  Биз ар бир адам мыйзам талап кылган иштердин эмес, ишенимдин негизинде адил деп жарыяланат деп эсептейбиз+. 29  Же Кудай жүйүттөрдүн эле Кудайыбы?+ Ал башка элдердин да Кудайы эмеспи?+ Ооба, башка элдердин да Кудайы+. 30  Анткени сүннөткө отургузулгандарды+ ишенимдин негизинде, сүннөткө отургузулбагандарды ишеними аркылуу адил деп жарыялай турган+ Кудай бирөө эле+. 31  Анда биз ишенимибиз менен мыйзамды жокко чыгарып жатабызбы?+ Жок! Тескерисинче, мыйзамды колдоп жатабыз+.

Шилтемелер