Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Римдиктер 2:1—29

2  Ошондуктан сен, башканы айыптаган киши+, ким болсоң да, актана албайсың. Анткени башканы айыптаганың менен+, өзүң деле ошол иштерди кылып жүргөндүктөн+, аны айыптоо менен өзүңдү айыптап жатасың+.  Ал эми биз Кудайдын ошондой иштерди кылып жүргөндөрдү чындыкка ылайык соттой турганын билебиз+.  Андай иштерди кылып жүргөндөрдү айыптап, бирок ошол эле иштерди өзүң+ кылып жатып, Кудайдын сотунан качып кутулам деп ойлойсуңбу?+  Же Кудайдын боорукердиги өкүнүшүңө өбөлгө түзөрүн билбегендиктен+, анын улуу боорукердигин+, сабырдуулугун+, чыдамкайлыгын+ баалабайсыңбы?  Бирок өжөрлүгүңдөн+, чын жүрөктөн өкүнбөгөнүңдөн улам+ Кудайдын адил соту+ боло турган+ каардуу күнгө+ өзүң үчүн өзүң каар чогултуп жатасың+.  Ошондо Кудай ар бир адамга иштерине жараша тиешесин берет+:  дайыма жакшылык кылуу менен даңкка, урмат-сыйга, чирибестикке+ умтулгандарга түбөлүк өмүр берет,  ал эми тажаал+, чындыкка баш ийбей+, кыянаттыкка баш ийген адамдарга каарын, ачуусун төгөт+.  Жамандык кылган ар бир жандын: адегенде жүйүттүн+, андан кийин гректин башына азап, кыйынчылык түшөт+. 10  Ал эми жакшылык кылгандардын ар бири+: адегенде жүйүт+, андан кийин грек+ даңкка, урмат-сыйга жана тынчтыкка бөлөнөт. 11  Анткени Кудай бет карамалык кылбайт+. 12  Мыйзамды билбей күнөө кылгандардын баары мыйзамды билбей жок болушат+, ал эми мыйзамды билип туруп күнөө кылгандар+ мыйзам боюнча соттолот+. 13  Анткени Кудайдын алдында мыйзамды уккандар эмес, мыйзам боюнча жашагандар+ адил деп жарыяланат+. 14  Мыйзамды билбеген+ башка элдер+ мыйзамда айтылгандарды табиятынан эле аткарып жатышса+, анда алар мыйзамды билбесе да, өздөрүнө өздөрү мыйзам. 15  Алардын абийири+ да күбөлөндүргөндө, алар ойлонуп, өздөрүн бирде айыптаса+, бирде акташат. Ошентип, мыйзамдын маани-маңызы жүрөктөрүнө жазылганын көрсөтүшөт+. 16  Кудай Машаяк Иса аркылуу, мен жарыялап жаткан жакшы кабарга ылайык+, адамзаттын+ жашыруун нерселерин соттогон күнү+ ушунун баары айкын болот+. 17  Эгер сен жүйүт аталып+, мыйзамга таянсаң+, Кудай менен болгон мамилеңе сыймыктансаң+, 18  Мусанын мыйзамынын негизинде үйрөтүлгөндүктөн+ Кудайдын эркин билип+, эмнелер жогору бааланарын түшүнсөң, 19  ошондой эле өзүңдүн сокурларга жол көрсөтүүчү+, караңгыда жүргөндөргө жарык+, 20  акылы жокторго насаатчы+, жаш балдардын окутуучусу экениңе+ жана Мыйзамда камтылган билим менен чындыктын+ негиздерин+ түшүнөрүңө толук ишенсең, 21  анда эмнеге башкаларды үйрөтүп, өзүң үйрөнбөйсүң?+ «Уурдаба»+,— деп насаат айтасың да, эмнеге өзүң уурдайсың?+ 22  «Ойноштук кылба»+,— деп айтасың да, эмнеге ойноштук кыласың? Буркандардан жийиркенесиң да, эмнеге ибадатканаларды талап-тонойсуң?+ 23  Мыйзам менен мактанасың да, эмнеге Мыйзамды бузуп+, Кудайга сөз тийгизесиң? 24  Ыйык Жазмада айтылгандай, «силердин айыңардан башка элдердин арасында Кудайдын ысмына тил тийип жатат»+. 25  Сүннөткө отургузулганың+ мыйзамды аткарганыңда гана+ пайда алып келет. Ал эми мыйзамды бузуп жатсаң, сүннөткө отургузулганыңдын+ пайдасы жок+. 26  Ошондуктан сүннөткө отургузулбаган киши+ Мыйзамдын адил талаптарын аткарып жашаса+, ал сүннөткө отургузулган киши катары эсептелбейби?+ 27  Сен жазуу түрүндөгү мыйзамдарды билгениңе, сүннөткө отургузулганыңа карабай мыйзамды бузуп жатсаң, анда сүннөткө отургузулбаган киши сени Мыйзамды аткаруу менен соттойт+. 28  Анткени сыртынан эле жүйүт көрүнгөн киши чыныгы жүйүт эмес+, ошондой эле денедеги сүннөт чыныгы сүннөт эмес+. 29  Чыныгы жүйүт — бул дили жүйүт адам+, чыныгы сүннөт — бул жазуу түрүндөгү мыйзамдар аркылуу эмес+, рух аркылуу жүрөккө жасалган сүннөт+. Андай киши адамдардын эмес, Кудайдын+ мактоосуна татыйт+.

Шилтемелер