Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Римдиктер 13:1—14

13  Ар бир адам* жогорку бийликтерге+ баш ийсин+, анткени Кудайдан болбогон+ бийлик жок+. Бийликтердин баары Кудай белгилеген+ орундарды ээлеп турат+.  Ошондуктан ким бийликке каршы чыкса, Кудай бекиткен тартипке каршы чыккан болот. Ал эми Кудайдын тартибине каршы чыккандар жазага тартылат+.  Бийликтегилерден жакшы иш кылгандар эмес, жаман иш кылгандар коркушу керек+. Бийликтен коркпой жашагың келеби? Анда мындан ары да жакшы иш кыл+. Ошондо андан мактоо угасың.  Анткени бийлик — сага жакшы болушу үчүн+ коюлган Кудайдын кызматчысы. Эгер жаман иш кылсаң+, андан корк: ал бекеринен кылыч көтөрүп жүрбөйт. Ал — Кудайдын кызматчысы, жаман иш кылгандарга Анын каарын төгө турган өч алуучу+.  Демек, анын каарынан корккондуктан эле эмес, абийириңер таза болушу үчүн да баш ийишиңер керек+.  Салыктарды да ошол себептен төлөп жатасыңар. Анткени бийликтегилер — элге жакшы болушу үчүн коюлган Кудайдын кулдары+; алар дайыма ошол максатта кызмат кылышат.  Баарына тиешелүүсүн бергиле: салык талап кылганга салык+, алым талап кылганга алым төлөгүлө; кимден коркуш керек болсо, корккула+; кимге урмат көрсөтүш керек болсо, урмат көрсөткүлө+.  Бири-бириңерди сүйгөндөн+ башка эч кимге эч нерсе карыз болбогула+. Анткени башкаларды сүйгөн адам мыйзамды аткарган болот+.  Себеби Мыйзамдагы «ойноштук кылба+, киши өлтүрбө+, уурдаба+, көз артпа»+ деген сыяктуу осуяттардын баары: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»+,— деген осуят менен жыйынтыкталат. 10  Сүйүү+ жакынына жамандык кылбайт+. Ошондуктан сүйүү — мыйзамдын аткарылышы+. 11  Ушуларды кылгыла, анткени кандай убакта жашап жатканыңарды, уйкудан ойгоно турган убак+ келгенин билесиңер. Себеби азыр куткарылуубузга биз ишене баштаган убактагыдан аз калды+. 12  Түн өтүп баратат, күн+ жакындап калды. Андыктан караңгылыктын иштерин таштап+, жарыктын куралдарын алалы+. 13  Жосунсуз той-тамашаларга, аракечтикке+, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка, уятсыз* жүрүм-турумга+, чыр-чатакка+, көрө албастыкка берилбей, өзүбүздү күндүзгү убактагыдай жакшы алып жүрөлү+. 14  Мырзабыз Иса Машаяктын үлгүсү боюнча жашагыла+, дене кумарларын кантип канааттандырууну ойлонуштурбагыла+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жан».
Же: «бузуку».