Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Римдиктер 10:1—21

10  Бир туугандарым, чын жүрөктөн каалаганым жана Кудайдан жалынып сураганым — ысрайылдыктардын куткарылышы+.  Мен алардын Кудайга кызмат кылууда ынталуу экенин+, бирок ынталуулугу так билимге ылайык келбей турганын күбөлөндүрөм+.  Алар Кудайдын адилдигин билбей+, өздөрүнүн адилдигин орнотууга умтулгандыктан+ Кудайдын адилдигине моюн сунушкан жок+.  Анткени, ишенген ар бир адам адилдикке жетиши үчүн+, Мыйзам Машаяк аркылуу аяктаган+.  Муса жазгандай, Мыйзамдын адил талабын аткарган адам адилдик аркылуу жашайт+.  Ал эми ишенимдин натыйжасында пайда болуучу адилдик жөнүндө мындай делет: «Өз ичиңден+: Машаякты+ жерге түшүрүш үчүн, „асманга ким чыгат?“+  же Машаякты өлгөндөрдүн арасынан алып чыгыш үчүн+, „түпсүз туңгуюкка ким түшөт?“ — деп айтпа»+.  Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? «Ал сөз сага жакын: сенин оозуңда жана жүрөгүңдө»+. Ал «сөз»+ — биз жарыялап жаткан ишеним сөзү+.  Эгерде «оозуңдагы ошол сөздү», башкача айтканда, Исанын Мырзабыз экенин+ эл алдында жарыялап жатсаң+, Кудайдын аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине жүрөгүң менен ишенсең+, анда куткарыласың+. 10  Себеби адам жүрөгү менен+ ишенүү аркылуу адилдикке жетет, ал эми ишенимин эл алдында оозу менен жарыялоо+ аркылуу куткарылат. 11  Ыйык Жазмада: «Ишенимин ага негиздеген+ адамдын көңүлү калбайт»,— деп айтылат+. 12  Жүйүт менен гректин ортосунда айырма жок+, анткени бардыгынын Теңири* бир. Ал Өзүн чакыргандардын баарына берекесин төгөт+. 13  «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»+. 14  Бирок ага ишенбей туруп аны кантип чакырышат?+ Ал жөнүндө укпай туруп ага кантип ишенишет? Кабар айткан бирөө болбосо, кантип угушат?+ 15  Эгер жиберилишпесе, кантип кабар айтышат?+ Ыйык Жазмада жазылгандай, «жакшы кабар жарыялагандардын буттары кандай сонун!»+ 16  Бирок жакшы кабарга баары баш ийген жок+. Бул жөнүндө Ышая: «Жахаба, бизден уккандарына ким ишенди?» — дейт+. 17  Демек, ишеним сөздү уккандан кийин пайда болот+, ал эми уга турган сөз Машаяк жөнүндөгү кабар аркылуу келет+. 18  Бирок мен: «Эмне, алар уккан эмеспи?» — деп сурагым келет. Анткени «алардын үнү бүт жер жүзүнө+, кабары жердин учу-кыйрына чейин жеткен»+. 19  «Ысрайыл эли билген эмеспи?»+ — деп да сурагым келет. Адегенде Муса: «Эл катары эсептелбегендер аркылуу силерди намыстандырам, акылсыз эл аркылуу ачуулантам»,— дейт+. 20  Ышая болсо Кудайдын: «Мени издебегендер мени табышты+, мен өзүмдү сурабагандарга ачылдым»+,— деген сөздөрүн тайманбай жарыялайт. 21  Ал эми ысрайыл эли жөнүндө: «Тил албас+, кежир элге эртеден кечке колумду сунуп турдум»,— дейт+.

Шилтемелер

Же: «Мырзасы». Грек. Кириос.