Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ошуя 5:1—15

5  «Оо, дин кызматчылар+, уккула, оо, Ысрайыл үйү, көңүл бур, падышанын+ үйү, сен да кулак сал. Миспа үчүн тартылган тузак+, Табор+ үчүн жайылган тор болгонуңар үчүн жазага тартыласыңар.  Түз жолдон чыккандар көптөрдү өлтүрүштү+. Бирок мен аларга эскерткем+.  Мен Эпрайымды+ жакшы билем, Ысрайылда менден жашыруун эч нерсе жок+. Оо, Эпрайым, сен аялдар менен бузуктук кылдың+. Ысрайыл өзүн арамдады+.  Алардын арасына бузуктук руху+ тарагандыктан, кылган иштери өз Кудайына кайтып келүүгө тоскоолдук кылып жатат+. Алар Жахабаны баркка албай жатышат+.  Ысрайылдын бой көтөрүүчүлүгү+ өзүнө каршы күбө болду. Ысрайыл менен Эпрайым өз кылмыштарынан улам чалынышты+. Аларга кошулуп Жүйүт да чалынды+.  Алар майда жана бодо малы менен Жахабаны издешти, бирок табышкан жок+. Ал алардан алыстап кетти.  Алар Жахабага ишенимсиздик кылышты+, анткени алардан никесиз балдар төрөлдү+. Эми бир айдын ичинде мурасы менен кошо жок болушат+.  Гибада+ мүйүз сурнай тарткыла+, Рамада сурнай тарткыла! Бет-Абенде+ ураан чакыргыла! Бенжемин+, биз артыңдан баратабыз!  Оо, Эпрайым, сен жаза күнүндө үрөй учурарлык абалда каласың+. Мен Ысрайыл урууларына эмне болорун айтып бердим+. 10  Жүйүттүн төрөлөрү жердин чек белгилерин жылдыргандардай болуп калышты+. Мен аларга кайнаган каарымды суудай төгөм. 11  Эпрайым кордук көрдү, адилеттүү түрдө кыйратылды+, анткени өзүнө таянып, душманынын артынан түштү+. 12  Мен Эпрайым үчүн күбөдөй+, Жүйүт үйү үчүн чириктей болдум. 13  Эпрайым оорусун, Жүйүт жарасын көрдү+. Ошондо Эпрайым Ашурга+ барып, улуу падышага+ кабарчыларды жиберди. Бирок ал силерди сакайта алган жок+, жараңарды айыктыра алган жок+. 14  Мен Эпрайым үчүн жаш арстандай болом+, Жүйүт үйү үчүн жалдуу жаш арстандай болом. Аларды жара тартып кетем, сүйрөп кетем. Куткарар эч ким болбойт+. 15  Өз ордума кайтып барам да, алар күнөөсү үчүн жазаланмайын+, ошол жакта болом. Ошондо алар менин жүзүмдү издешет+, катуу кыйналышканда+ мени издешет»+.

Шилтемелер