Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ошуя 4:1—19

4  Оо, Ысрайыл уулдары, Жахабанын сөзүн уккула, Жахаба бул жердин тургундары менен соттошот+. Анткени бул жерде чындык да+, мээримдүүлүк да, Кудай жөнүндөгү билим да жок+.  Каргоо+, алдоо+, киши өлтүрүү+, уурдоо+, ойноштук кылуу+ күчөп, кан артынан кан төгүлүп жатат+.  Ошон үчүн бул жер аза күтөт+, анын тургундарынын баары жапайы жаныбарлар, асмандагы канаттуулар менен кошо өлүшөт, деңиздеги балыктар да кырылат+.  «Бирок эч ким талашып-тартышпасын+, эч ким башка бирөөнү ашкерелебесин, анткени сенин элиң дин кызматчы менен талашып-тартышкандарга окшош+.  Сен күндүз чалынасың+, сени менен кошо пайгамбар да түн ичиндегидей чалынат+. Мен сенин энеңди жок кылам+.  Элим мени таанып-билбегени үчүн+ жок кылынат. Сен мени таанып-билбегениң үчүн+, мен да сени дин кызматчылыктан четтетем+. Өзүңдүн Кудайыңдын мыйзамын унуткандыгың үчүн+, мен да сенин балдарыңды унутам+.  Дин кызматчылар канчалык көбөйсө, алар мага каршы ошончолук көп күнөө кылышты+. Мени даңктагандын ордуна маскаралашты+.  Алар элимдин күнөөсү менен тамактанып, алардын кылмыш кылышын тилеп жатышат+.  Дин кызматчы эмне болсо, эл да ошо болот+. Мен аларды жүргөн жолдору үчүн жоопко тартам+, кылган иштерине жараша жазалайм+. 10  Алар жешет, бирок тоюшпайт+, аялдар менен бузуктук кылышат, бирок көбөйүшпөйт+, анткени алар Жахабаны урматтабай калышты+. 11  Бузуктук, эски шарап менен жаңы шарап жакшы ниетти бузат+. 12  Менин элим өзүнүн жыгач бурканына+ кайрылып жатат+, аларга өздөрүнүн таягы жооп берип жатат. Анткени аларды бузуктук руху адаштырды+, алар бузуктук кылып, өз Кудайынын тилин албай калышты+. 13  Алар тоолордун чокуларында курмандык чалып+, дөңсөөлөрдө курмандык түтүнүн түтөтүп жатышат+. Көлөкөлүү болгондуктан, килейген бактын, стиракстын*, чоң дарактын түбүндө курмандык түтүнүн түтөтүп жатышат+. Ошондуктан кыздарыңар бузуктук кылып, келиндериңер ойноштук кылып жүрүшөт. 14  Мен силердин кыздарыңарды бузуктук кылганы үчүн, келиндериңерди ойноштук кылганы үчүн, жоопко тартпайм. Анткени эркектер да сойкулар менен обочолонушат+, ибадатканадагы сойкулар менен бирге курмандык чалышат+. Ошондуктан түшүнүгү жок бул эл+ тебелендиде калат. 15  Оо, Ысрайыл, сен бузуктук кылып жатсаң да+, Жүйүт күнөөгө батпасын+. Гилгалга+ барбагыла, Бет-Абенге+ да барбагыла, „Жахаба тирүү!“ деп ант бербегиле+. 16  Ысрайыл моюн бербеген өгүздөй болуп калды+. Жахаба эми аларды кенен жайытта козу кайтаргандай кайтармак беле? 17  Эпрайым буркандарга байланып калды+. Тим кой аны!+ 18  Сырасы* түгөнгөндө+, алар аялдар менен бузуктук кылышат+. Элдин коргоочулары*+ маскаралыкты жакшы көрүшөт+. 19  Шамал аны канатына салып көтөрүп кетет+. Ошондо алар чалган курмандыктары үчүн уят болушат»+.

Шилтемелер

Стиракс — гүлү жыттуу дарак.
Пиво.
Сөзмө-сөз: «калкандары».