Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ошуя 3:1—5

3  Анан Жахаба мага: «Кайра барып, башка бирөө сүйгөн, ойноштук кылган аялды сүй+. Башка кудайларга кайрылып+, аларга жүзүмдүн кагын тартуу кылууну жакшы көргөн+ Ысрайыл уулдарын Жахаба кандай сүйсө+, сен да ал аялды ошондой сүй»,— деди.  Ошондо мен аны он беш күмүш тыйынга жана бир жарым хомер* арпага сатып алдым+.  Анан ага: «Меникинде көп күн жаша+. Бузуктук кылба+, башка эркекке барба+. Мен да сага жакындабайм»,— дедим.  Анткени Ысрайыл уулдары көп убакытка чейин падышасыз+, төрөсүз, курмандыксыз+, ыйык мамысыз, эфодсуз+, терафимсиз+ жашайт.  Ошондон кийин Ысрайыл уулдары кайрылып келип, өздөрүнүн Кудайы Жахабаны+ жана өздөрүнүн падышасы Дөөтүнү+ издешет. Акыркы күндөрдө+ алар Жахабанын жакшылыгын көрүш үчүн анын алдына калтырап-титиреп келишет+.

Шилтемелер

1 хомер болж. м-н 220 литрге барабар.