Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ошуя 14:1—9

14  «Оо, Ысрайыл, Жахаба Кудайыңа кайтып кел+, анткени сен кылмышыңдан улам чалындың+.  Жахабага кайрылып келип, өкүнгөнүңөрдү айткыла+. Баарыңар ага мындай дегиле: „Кылган кылмышыбызды кечирип+, жакшы нерселерибизди кабыл ала көр. Ошондо биз сага букачарлардай ооз курмандыгын чалабыз+.  Бизди Ашур куткарбайт+. Мындан ары атка минбейбиз+. Колубуздан бүткөн нерселерди “Кудайыбыз!” дебейбиз, анткени жетимге сен гана кайрымдуулук кыласың“+.  Мен алардын ишенимсиздигин айыктырам+. Каарым кайткандыктан+, аларды өз эрким менен жакшы көрөм+.  Мен Ысрайыл үчүн шүүдүрүмдөй болом+. Ал лилия гүлүндөй гүлдөйт, Лебанон дарагындай тамыр жаят.  Ал бутактайт, даңкы зайтун дарагыныкындай+, жыты Лебанон дарагыныкындай болот.  Алар кайрадан Анын көлөкөсүндө жашашат+, эгин өстүрүшөт, жүзүм сабагындай гүлдөшөт+. Аны Лебанон шарабындай унутушпайт.  Эпрайым: „Эми бул буркандарды эмне кылмак элем?“ — дейт+. Мен аны угам, ага кам көрөм+. Мен барпайган арчадаймын+. Мен сага жемиш берем».  Ким акылдуу болсо, ушуларды түшүнсүн+. Ким эстүү болсо+, ушуларды билсин. Анткени Жахабанын жолдору түз+. Адил адамдар ал жолдордон чыкпайт+, ал эми мыйзамды бузгандар ал жолдордо чалынат+.

Шилтемелер