Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ошуя 12:1—14

12  «Эпрайым шамал менен азыктанып+, күнү бою чыгыш шамалын кууп жүрөт+. Кайра-кайра калп айтып, кайра-кайра талап-тоноп жатат+. Ашур менен келишим түзүп+, Мисирге май жеткирип жатат.  Жахаба Жүйүттүн ишин териштирет+. Ал Жакыпты жүргөн жолу үчүн жоопко тартат+, кылган иштерине жараша тиешесин берет+.  Жакып энесинин ичинде жатканда эле бир тууганын согончогунан кармаган+, ал эми кийин бүт күчү менен Кудай менен күрөшкөн+.  Ал периште менен күрөшүп, акыры жеңген+. Андан ырайым кылышын өтүнүп ыйлаган»+. Кудай аны Бейтелден тапкан+, ошол жактан биз менен сүйлөшө баштаган+.  Ал — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+. Жахабанын ысмы унутулбайт+.  «Кудайыңа кайтып келип+, мээримдүүлүгүңдөн+, адилеттигиңден жазба+, ар дайым Кудайыңа үмүт арт+.  Соодагердин колундагы таразасы туура эмес+, ал алдаганды жакшы көрөт+.  Эпрайым: „Мен байыдым+, мал-мүлк топтодум+. Эч ким менин эмгегимен күнөө деп эсептелгидей бир да айып таппайт“,— деп жүрөт+.  Бирок мен Мисирде жүргөн кезиңден бери Жахаба Кудайыңмын+. Сени майрам күндөрүндөгүдөй чатырларда жашатам. 10  Мен пайгамбарларга сүйлөп+, көп аян бергем. Пайгамбарлар аркылуу ылакап айткам+. 11  Гилаттагы эл сыйкырчылык кылып+, алдамчылык менен жашап жатат+. Алар Гилгалда букаларды курмандыкка чалып жатышат+. Алардын курмандык жайлары айдоодогу үйүлгөн таштай+. 12  Жакып Сириянын талааларына качып кеткен+, Ысрайыл+ аялы үчүн кызмат кылып+, аялы үчүн кой кайтарган+. 13  Жахаба Ысрайылды Мисирден пайгамбар аркылуу алып чыгып+, пайгамбар аркылуу коргогон+. 14  Эпрайым болсо Кудайга акарат кылып, анын каарын кайнатты+. Маскара кылганы үчүн Улуу Эгеси ага тиешесин берет+, кандуу иштерин мойнуна коёт»+.

Шилтемелер