Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ошуя 11:1—12

11  «Мен Ысрайылды бала чагында жакшы көргөм+, уулумду Мисирден чакырып алгам+.  Аларды канчалык чакырышса+, алар ошончолук алыстай беришкен+. Баалдарга курмандык чалып+, оюлуп жасалган буркандарга курмандык түтүнүн түтөтүшкөн+.  Мен Эпрайымга басканды үйрөткөм+, аларды көтөрүп жүргөм+. Алар болсо өздөрүн мен айыктырганымды билишкен жок+.  Мен аларды адам баласынын мээрим жиби, сүйүү жиби менен жетелеп жүргөм+. Аларга моюндарынан* моюнтуругун алган бирөөдөй болгом+, ар бирине бапестеп тамак бергем+.  Алар Мисирге кайра барбайт, мага кайтып келүүдөн баш тартышкандыктан+ падышасы Ашур болот+.  Айла-амалдары үчүн+ шаарларын кылыч аралайт+, дарбазаларынын бекиткичтерин талкалайт+, элин кырат.  Менин элим мага ишенимсиздик кылууга маш+. Аларды жогоруга* чакырышса да, бири да ордунан козголгон жок.  Эпрайым, мен сени кантип жерийин?+ Ысрайыл, сени кантип эле душмандарыңдын колуна салып берип коёюн?+ Кантип эле Адмадай+ кылайын? Себоимге+ кылганымды кантип эле сага кылайын? Менин жүрөгүм өзгөрдү+, аябай боорум ооруду.  Мен кайнаган каарымды төкпөйм+, Эпрайымды кайрадан кыйратпайм+. Анткени мен адам эмесмин, Кудаймын+, силердин араңардагы Ыйыкмын+. Мен силерге каарым менен келбейм. 10  Алар Жахабаны ээрчип басышат+. Ал арстандай арылдайт+. Арылдаганда+, батыштан уулдары титиреп келишет+. 11  Алар титиреп, куштардай болуп Мисирден+, көгүчкөндөрдөй болуп Ашурдан учуп келишет+. Ошондо мен аларды үйлөрүнө киргизем»,— дейт Жахаба+. 12  «Эпрайым мени калпы менен, Ысрайыл үйү жалгандыгы менен курчады+. Жүйүт болсо дагы деле Кудай менен жүрөт+. Ал Баарынан Ыйыкка ишенимдүү».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жаактарынан».
Ош 7:16нын шилт-н кара.