Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ошуя 10:1—15

10  «Ысрайыл жапайы жүзүм сабагына айланып баратат+. Ал өзүнө түшүм берип жатат+. Мөмөсү көбөйгөн сайын, курмандык жайларын да көбөйтүп жатат+. Жерлери семирген сайын, орноткон ыйык мамыларын+ да ошончолук кооздоп жатат.  Алардын жүрөгү анткор болуп калды+, эми айыптуу деп табылышат. Алардын курмандык жайларын талкалай турган бирөө бар. Ал алардын ыйык мамыларын кыйратат+.  Эми алар: „Биз Жахабадан корккон эмеспиз, ошон үчүн падышабыз жок+. Падыша бизге эмне кылып бермек эле?“ — дешет.  Алар жалган ант берип+, келишим түзүп+, курулай сөздөрдү сүйлөп жатышат. Айдоону уулуу чөп баскандай, адилетсиздик кулач жайып жатат+.  Самариянын тургундары Бет-Абендин музоо бурканын+ ойлоп коркушат. Анын даңкын көрүп сүйүнгөн дин кызматчылары менен эли кайгырат, анткени аны туткунга алып кетишет+.  Аны улуу падышага белек кылыш үчүн Ашурга алып кетишет+. Эпрайым уятка калат+, Ысрайыл да өзүнүн жолунан улам уялат+.  Самария менен анын падышасы сууда калкыган сынык чырпыкка окшоп жок болот+.  Ысрайылды күнөөгө батырган+ Бет-Абендин бийик жерлери+ жок кылынат. Алардын курмандык жайларын+ тикенек менен коко тикен басат+. Ошондо эл тоолорго: „Бизди басып калгыла!“ — дейт, адырларга: „Үстүбүзгө кулагыла!“ — дейт+.  Оо, Ысрайыл, сен Гибанын күндөрүнөн тартып+ күнөө кылып келдиң+, ошонуңдан кайткан жоксуң. Гибадагы согушта ыймансыздардын баары кырылган эмес болчу+. 10  Мен аларды каалаган учурда жазалайм+. Аларга каршы элдер чогулат, мойнуна эки кылмышынын моюнтуругу салынат+. 11  Эпрайым эгин бастырууга көнгөн, үйрөтүлгөн кунажын эле+. Бирок мен анын мойнунун сындуу экенине караган жокмун. Эпрайымдын үстүнө бирөөнү мингиздим+. Жүйүт анын жерин айдап+, Жакып малалап жатат+. 12  Үрөнүңөрдү адилдик менен сээп+, мээримдүүлүк оруп алгыла+. Жахабаны издөөгө убакыт бар болуп турганда+, ал келип, силерди адилдикке үйрөткөнгө чейин+, өз айдооңорду айдагыла+. 13  Силер жамандык сээп+, ыймансыздык оруп алдыңар+, калптын жемишин жедиңер+. Анткени сен өз жолуңа+, эр-азаматтарыңдын көптүгүнө таяндың+. 14  Элиңдин арасында чуу чыгып жатат+. Сенин чептүү шаарларыңдын баары бүлгүнгө учурап+, Шалман Арбелдин үйүн талкалагандагыдай, энелер уулдары менен кошо өлтүрүлгөн согуш күнүндөгүдөй болот+. 15  Бейтелдин тургундары, ашынган жаман иштериңер үчүн силерди да ошентишет+. Таң сүргөндө Ысрайылдын падышасы өлтүрүлөт»+.

Шилтемелер