Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Обадия 1:1—21

 Обадия алган аян. Эгедер Теңир Жахаба Эдом+ тууралуу мындай дейт: «Биз Жахабадан кабар уктук. Элдер арасында: „Тургула, аны менен согушалы“,— деп жарыялоого кабарчы жиберилди»+.  «Мына, мен сени элдердин арасында аз эл кылдым+. Сен аябай жек көрүндү болдуң+.  Асканын далдаасында жашап+, менменсинген жүрөгүңө алдандың+. Бийикте жашагандыктан, ичиңен: „Мени ким жерге кулатмак эле?“ — дедиң.  Бүркүткө окшоп, бийикке көтөрүлсөң да, жылдыздардын арасына уя салсаң да, мен сени кулатып түшүрөм»+,— дейт Жахаба.  «Эгер сага ууру кирсе, түн жарымда талап-тоноочу келсе, канчалык таланып-тонолот элең?+ Алар канча кааласа, ошончо гана уурдашмак эмеспи? Же жүзүм жыйнагандар келсе, артынан аз болсо да мөмө калтырбай коюшмак беле?+  Эйсаптын тинтилбеген жери калган жок!+ Анын катылып жаткан байлык-кенчи табылды!  Өзүң менен келишим түзгөндөр сени чек арага узатып барышты, баары алдап кетишти+, сени менен тынчтыкта жашагандар сага үстөмдүк кылып калышты+. Сен кыраакы болбогондуктан+, өзүң менен тамактангандар алдыңа тор жаят.  Ушунун баары ошол күнү болбой коёбу?» — дейт Жахаба. «Ошондо мен Эдомдун акылмандарын, Эйсаптын тоолуу аймагынын кыраакыларын жок кылам+.  Теман+, сенин эр-азаматтарыңдын үрөйү учат+. Анткени Эйсаптын тоолуу аймагындагылардын баары кырылып+ жок болот+. 10  Бир тууганың Жакыпка зомбулук кылганың үчүн+ уятка каласың+, түбөлүккө жок болосуң+. 11  Сен четте турган күнү, чоочундар анын аскерлерин туткундап+, бөтөн жерликтер дарбазасынан кирип+, Иерусалим үчүн өкчөмө таш ыргыткан күнү+ сен да ошолордой болдуң. 12  Бир тууганыңдын башына мүшкүл түшкөн күнү табалап карап турбашың керек болчу+. Жүйүт уулдары кырылып жаткан күнү кубанбашың керек болчу+, алар кыйналып жаткан күнү текеберденип сүйлөбөшүң керек болчу. 13  Элимдин башына каран түн түшкөн күнү+ анын дарбазасына кирбешиң керек болчу. Башына каран түн түшкөн күнү кыйналып жатканын карап турбашың керек болчу. Башына каран түн түшкөн күнү байлыгына тийбешиң керек болчу+. 14  Анын качып бараткандарын өлтүрүш үчүн+ жолдордун кесилишинде турбашың керек болчу, башына каран түн түшкөн күнү+ аман калгандарын душмандарынын колуна салып бербешиң керек болчу. 15  Жахабанын бүт элдерге каршы чыга турган күнүнө аз калды+. Сен эмне кылсаң, сага да ошону кылышат+. Сен кандай мамиле кылсаң, сага да ошондой мамиле кылышат+. 16  Силер менин ыйык тоомдо шарап ичкениңердей эле, бүт элдер каарымды шараптай тынымсыз ичишет+. Алар ичип, жутушат да, мурун эч качан болбогондой жок болушат. 17  Ал эми качып кеткендер Сион тоосуна барышат+, ал ыйык болот+. Жакыптын үйү өз мурасына ээ болот+. 18  Жакыптын үйү от+, Жусуптун үйү жалын болот, Эйсаптын үйү болсо саман болот+. Алар аны өрттөп, жалмап жок кылышат. Эйсаптын үйүнөн бири да аман калбайт+, анткени муну Жахаба айтты. 19  Алар Негепти, Эйсаптын тоолуу аймагын, Шепеланы жана пелиштиликтердин+ жерин ээлешет+. Алар Эпрайым+ менен Самариянын талааларын ээлешет+, Бенжемин болсо Гилатка ээлик кылат+. 20  Ал эми ушул коргоо дөбөсүнөн+ туткундалып кеткен Ысрайыл уулдары канаандыктардын Сарепатка+ чейинки жерлерин ээлешет+. Иерусалимден туткундалып кетип, Сепаратта жүргөндөр Негептин шаарларына+ ээлик кылышат. 21  Куткаруучулар+ Эйсаптын тоолуу аймагын соттош үчүн+ Сион тоосуна чыгышат+. Падышалык Жахабага таандык болот»+.

Шилтемелер