Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Некемия 6:1—19

6  Менин дубалды тургузуп бүткөнүм+, анын ураган жерлеринин толугу менен оңдолуп бүткөнү Санбалатка+, Тобияга+, арабиялык+ Гешемге+ жана калган душмандарыбызга да маалым болду (бирок ал убакта мен дарбазанын+ эшиктерин коё элек болчумун+).  Ошондо Санбалат менен Гешем мага: «Кел, Оно+ өрөөнүндөгү бир айылдан жолугалы»+,— деп айттырып жиберишти. Бирок, чынында, алар мага кыянаттык кылууну ойлоп жатышкан эле+.  Ошондуктан мен аларга кишилерди жөнөтүп+: «Мен чоң иш менен алек болуп жатам+, бара албайм. Эгерде силерге бара турган болсом, иш токтоп калат»+,— деп айттырып жибердим.  Алар мени төрт жолу ушинтип чакыртышты, мен төрт жолу тең ушинтип жооп бердим.  Ошондо Санбалат+ мени чакырыш үчүн бешинчи жолу кызматчысын жөнөттү. Анын колунда мөөр басылбаган кат бар экен.  Ал катта: «Элдер сени менен жүйүттөрдү көтөрүлүш чыгарганы жатат+ деп айтып жатышат. Гешем+ да ушинтип айтып жатат. Дубалды силер ошол себептен куруп жатыптырсыңар. Айрымдардын айтымында, сен аларга падыша болоюн деп жатыптырсың+.  Андан сырткары, бүт Иерусалим боюнча: „Жүйүттүн падышасы бар!“ — деп жар салганга пайгамбарларды да дайындап коюптурсуң. Муну падышага сөзсүз жеткиришет. Ошондуктан, кел, кеңешели»,— деп жазылыптыр+.  Бирок мен ага: «Сенин айткандарыңдын бири да чын эмес+. Мунун баарын сен оюңан чыгарып жатасың»+,— деп айттырып жибердим.  Душмандарыбыздын баары: «Алардын ындыны өчүп+, ишти аягына чыгара албай калышат»,— деп бизди коркутууга аракет кылып жатышты. Бирок мен Кудайымдан кайрат беришин сурап тилендим+. 10  Мен Мехетабелдин небереси, Делаянын уулу Шемаяныкына барсам, ал үйүндө бекинип отуруптур+. Ал мага: «Чыныгы Кудайдын үйүнөн, ибадатканадан+, жолугуп+, ибадаткананын эшигин бекитип алалы. Анткени сени өлтүргөнү жатышат, алар сени түндө өлтүргөнү келишет»,— деди+. 11  Бирок мен: «Мендей адам кантип качсын?+ Анын үстүнө, мендей адам ибадатканага кирсе, тирүү калмак беле?+ Жок, мен ал жакка кирбейм»,— дедим. 12  Анан жакшылап иликтеп көрүп, аны Кудай жибербегенин билдим+. Көрсө, аны мага каршы пайгамбарлык кылганга+ Тобия менен Санбалат+ жалдаган экен+. 13  Алар аны мени коркутуш үчүн+ жалдашыптыр+. Эгер мен коркуп, күнөө кылсам+, мени айыптап+, жаманатты кылууга+ шылтоо табылмак экен. 14  Оо, Кудайым, Тобия+ менен Санбалатка кылган иштерине жараша тиешесин бер+, ошондой эле Ноадия деген пайгамбар аялды да+, мени кайра-кайра коркутканга аракет кылган башка пайгамбарларды да жазала. 15  Акыры, элул айынын жыйырма бешинчи күнү дубал тургузулуп бүттү+. Ал элүү эки күндүн ичинде тургузулду. 16  Бүт душмандарыбыз+ бул тууралуу укканда жана тегерегибиздеги элдер муну көрүшкөндө, аябай уят болушту. Алар бул иштин Кудайыбыздын эрки менен жасалганын түшүнүштү+. 17  Ал күндөрү жүйүттөрдүн аттуу-баштуу кишилери+ Тобияга+ көп кат жазышчу. Тобиядан да аларга кат келип турчу. 18  Анткени ал Арахтын уулу+ Шеханиянын күйөө баласы болгондуктан, көп жүйүттөр аны колдогонго ант беришкен эле. Ошондой эле анын уулу Жахонан Берекиянын уулу Мешуламдын+ кызын аялдыкка алган болчу. 19  Алар Тобияны мага көп макташчу+, ал эми менин айткандарымды ага жеткирип турушчу. Тобия болсо мени коркутуш үчүн+ кат жөнөтүп турду.

Шилтемелер