Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Некемия 5:1—19

5  Ошол убакта элдин арасындагы кишилер менен алардын аялдары өздөрүнүн бир туугандарына+, жүйүттөргө, катуу нааразы болуп, наалый башташты+.  Алардын кээ бирлери: «Биз дан алып, эптеп күн көрүш үчүн уул-кыздарыбызды күрөөгө берип жатабыз»,— дешсе+,  башкалары: «Ачарчылык убагында дан алыш үчүн жерибиз менен жүзүмзарларыбызды, үйлөрүбүздү айласыздан күрөөгө коюп жатабыз»,— деп жатышты+.  Дагы бирөөлөрү: «Падышага салык төлөш үчүн карызга акча алып+, жерибиз менен жүзүмзарларыбызды күрөөгө коюуга аргасыз болуп жатабыз+.  Алар менен каныбыз бир, алардын уулдары кандай болсо, биздин уулдарыбыз деле ошондой+. Ошентсе да биз уул-кыздарыбызды кулчулукка сатууга мажбур болуп жатабыз+. Кыздарыбыздын кээси болсо эбак эле күң болуп калган. Бир нерсе кылалы десек, колубуздан эч нерсе келбейт, анткени жерлерибиз менен жүзүмзарларыбызды башкаларга берип койгонбуз»,— деп наалып жатышты.  Алардын айткан сөздөрүн, зар-муңун укканда мен абдан ачууландым.  Ал тууралуу жакшылап ойлонуп көргөндөн кийин аттуу-баштуу кишилер менен башчыларга эскертүү берип+: «Силер өтө эле көп үстөк алып жатасыңар+, болгондо да, бир туугандарыңардан алып жатасыңар»,— дедим. Анан көп элди чогултуп+:  «Колубуздан келгендин баарын кылып, башка элдерге сатылган жүйүт бир туугандарыбызды кайра сатып алчу эмес белек+. Эми бир туугандарыңарды өзүңөр сатып жатасыңарбы?+ Эми биз аларды кайра сатып алышыбыз керекпи?» — дедим. Алар үндөгөн жок, эч нерсе деп жооп беришкен жок+.  Ошондо аларга мындай дедим: «Мындай кылганыңар жакшы эмес+. Башка элдердин, душмандарыбыздын+, алдында уятка калбашыбыз үчүн+, Кудайыбыздан+ коркпойсуңарбы?+ 10  Мен деле, бир туугандарым менен кызматчыларым деле элге карызга акча, дан берип жатабыз. Бирок, силерден суранарым, алардан үстөк алганыбызды токтотолу+. 11  Аларга жерлерин+, жүзүмзарларын, зайтун бактарын, үйлөрүн, ошондой эле карызга берген акчаңардын, даныңардын, жаңы шарабыңар менен майыңардын үстөгүн* бүгүндөн калбай кайрып бергиле». 12  Алар мага: «Баарын кайрып беребиз+, алардан эч нерсе талап кылбайбыз+. Баарын сен айткандай кылабыз»,— дешти+. Мен дин кызматчыларды чакырып, айткандарын аткарышы үчүн, айыптууларга ант бердирттим+. 13  Анан койнумдан бир нерсени күбүп жаткандай кийимимди силкип: «Ким сөзүнө турбаса, чыныгы Кудай аны тапкан мүлкүнөн, үйүнөн ушинтип силкип салсын. Аны силкип салып, куру жалак калтырсын»,— дедим. Ошондо ал жерге чогулгандардын баары: «Оомийн!» — деп+, Жахабаны даңктай башташты+. Эл баарын, кандай айтылса, ошондой кылды+. 14  Ошондой эле падыша мени Жүйүт жерине башкаруучу+ кылып дайындаган күндөн тартып, Артакшашта падышанын+ башкаруусунун жыйырманчы жылынан+ отуз экинчи жылына чейин+, он эки жыл бою, мен да, бир туугандарым да башкаруучуларга тиешелүү нандан жеген жокпуз+. 15  Мага чейинки башкаруучулар нан менен шарапка деп элден күн сайын кырк шекел* алып, аларга оордук келтиришчү. Алардын кызматчылары да элге кысым көрсөтүшчү+. Мен болсо Кудайдан корккондуктан+ анткен жокмун+. 16  Андан сырткары, мен дубалды тургузууга катыштым+. Кызматчыларым да ошол жерде иштеп жүрүштү. Биз өзүбүзгө жер сатып алган жокпуз+. 17  Менин дасторконумдан жүйүттөр менен башчылар, жүз элүү киши, ошондой эле тегеректеги элдерден келгендер да тамактанчу+. 18  Күн сайын бир бука, алты семиз кой, бир канча канаттуу союлчу. Он күндө бир жолу шараптын+ ар кандай түрү мол берилип турчу. Ошондой болсо да, мен башкаруучуга тиешелүү нанды талап кылчу эмесмин, анткени эл ансыз деле кыйналып жаткан. 19  Ошондуктан мен: «Оо, Кудайым, бул элге кылган жакшылыгымдын+ баарын эстеп+, мага жакшылык кыла көр»,— деп тилендим+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жүздөн бир бөлүгүн»; айына бир пайыздан.
Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.