Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Некемия 2:1—20

2  Артакшашта падышанын+ башкаруусунун жыйырманчы жылынын+ нисан* айы эле+. Падышанын алдына шарап алынып келип, мен адаттагыдай эле ага шарап сундум+. Ага чейин падыша менин капалуу болгонумду көргөн эмес эле+.  Ошондуктан ал менден: «Эмнеге капалуусуң?+ Ооругандай деле көрүнбөйсүң, жүрөгүңдү бир нерсе өйүп турат окшойт»,— деди+. Мен абдан коркуп кеттим.  Анан падышага: «Падышам, түбөлүк жашаңыз!+ Ата-бабаларымдын сөөгү коюлган шаардын+ дарбазалары өрттөлүп+, өзү болсо кыйрап жатса, кантип капа болбой коёюн?» — дедим+.  Ал: «Каалаганың эмне?» — деп сурады+. Мен дароо асман Кудайынан+ тилендим да+,  падышага: «Эгер падышам туура көрсө+, эгер кулуңуз көз алдыңызда ырайым тапса+, анда мени Жүйүт жерине, ата-бабаларымдын сөөгү коюлган шаарга жибериңиз, мен ал шаарды кайра курайын»,— дедим+.  Падыша менден (ошол учурда каныша жанында отурган эле): «Жолго канча убакыт кетет, кайра качан келесиң?» — деп сурады. Мен мөөнөтүн айтканда+, падыша мени жиберүүгө макул болду+.  Анан мен падышага: «Эгер падышам туура көрсө, мен Жүйүт жерине баратканда, дарыянын+ аркы өйүзүндөгү башкаруучулар+ мага өздөрүнүн жеринен өтүүгө уруксат бериши үчүн, аларга кат жазып берсе экен+.  Ошондой эле падышамдын токоюн кайтарган Асап мага ибадаткананын+ Сепилинин+ дарбазаларын, шаардын дубалын+ жана өзүм жашай турган үйдү курганга жыгач бериши үчүн, ага да кат жазып берсе экен»,— дедим. Кудай мага жардам бергендиктен, падыша өтүнүчүмдү аткарды+.  Ошентип, мен дарыянын аркы өйүзүндөгү башкаруучуларга барып+, падышанын катын бердим. Падыша мага аскер башчылары менен атчандарын да кошуп берген эле. 10  Бет-орондук+ Санбалат+ менен Амон уулдарынан+ болгон кызматчы Тобия+ Ысрайыл уулдарына жардам бергени бир киши келгенин угушту. Бул аларга жаккан жок+. 11  Акыр-аягы, мен Иерусалимге жеттим. Үч күн өткөндөн кийин, 12  түндө ордуман турдум, жанымда бир нече киши бар эле. Бирок мен аларга Иерусалимге+ байланыштуу Кудайым жүрөгүмө кандай ой салганын айткан жокмун+. Мен минип жүргөн эшектен башка жаныбызда эч кандай жандык жок эле. 13  Түндө Өрөөн дарбазасынан+ чыгып, Чоң-Жылан суусунун жанынан өтүп, Күл дарбазасына+ чейин Иерусалимдин ураган дубалын+, өрттөлгөн дарбазаларын+ карап бардым. 14  Андан ары Башат дарбазасына+, Падышанын жасалма көлмөсүнө чейин бардым. Бирок ал жерде эшегим өтө турган жол жок болгондуктан, 15  өзөн+ аркылуу жогору карай бастырып, дубалдарды карап бардым. Анан кайра артка кайтып келип, Өрөөн дарбазасынан+ кирдим. 16  Башчылар+ менин эмне кылганымды, каякка барганымды билген жок. Анткени мен жүйүттөргө да, дин кызматчыларга да, аттуу-баштуу кишилерге да, башчыларга да, жумушчуларга да эч нерсе айта элек болчумун. 17  Акыр-аягы, аларга: «Абалыбыз абдан оор экенин, Иерусалимдин дарбазалары өрттөлүп, өзү болсо кыйрап жатканын көрүп турасыңар. Ошон үчүн, келгиле, Иерусалимдин дубалын кайра тургузуп, шылдыңдан арылалы»,— дедим+. 18  Анан Кудайымдын мага кантип жардам бергенин+, падышанын эмне дегенин айтып бердим+. Ошондо алар: «Дубалды кайра тургузабыз!» — дешип, ишти баштоого чечкиндүү түрдө даярдана башташты+. 19  Бет-орондук Санбалат+, Амон уулдарынан+ болгон кызматчы+ Тобия+ жана арабиялык+ Гешем+ бул тууралуу укканда бизди шылдыңдап+, жектеп: «Эмне кылып жатасыңар? Эмне, падышага каршы чыгып жатасыңарбы?» — дешти+. 20  Мен аларга: «Бизди асман Кудайы+ өзү ийгиликке жеткирет+. Биз, анын кызматчылары, дубалды кайра тургузабыз. Ал эми силердин Иерусалимде үлүшүңөр да+, укугуңар да жок, анын тарыхына эч кандай тиешеңер да жок»,— дедим+.

Шилтемелер

1896-беттеги «Сөздүктү» кара.