Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Насаатчы 6:1—12

6  Күн астынан адамдар көп туш болгон дагы бир жамандыкты көрдүм:  чыныгы Кудай бирөөгө байлык, мүлк, атак-даңк берет+, ошондуктан анда жаны эңсегендин баары бар+. Бирок чыныгы Кудай алардын убайын ага эмес+, бөтөн жерликке көргөзөт+. Бул да убаракерчилик жана оор дарт.  Эгер адам жүз балалуу болуп+, көп жыл жашап, өмүрү узун болсо+, бирок жаны жакшылык көрүп ырахаттанбаса+, атүгүл мүрзөсү болбосо+, анда ага караганда өлүү төрөлгөн бала артык дээр элем+.  Ал дүйнөгө бекер эле келип, караңгылыкка кетет. Атын караңгылык каптайт+.  Күндү ал көргөн да, билген да жок+. Тигиге караганда буга тынчыраак+.  Ал эми тиги эки миң жыл жашаса да, бирок жакшылык көрбөсө+, анда эмне пайда? Баарынын барар жери бир эмеспи+.  Адамдын бүт эмгеги кекиртеги үчүн+, бирок анын жаны тойбойт.  Акылдуунун акылсыздан кандай артыкчылыгы бар?+ Бечарага башкалардын алдында өзүн кандай алып жүрүшү керектигин билгенинен эмне пайда?  Жандын каалоолоруна жетеленгенден көрө, көз менен көргөн артык+. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык+. 10  Бар нерсенин баарына мурун эле ат коюлган, адамдын табияты да белгилүү+. Ал өзүнөн күчтүү менен талашып-тартыша албайт+. 11  Убаракерчиликти туудурган нерселер көп болсо, анда адамга эмне пайда?+ 12  Адамдын көлөкөдөй өтүп кете турган+ куру бекер жашоосунда кандай жакшылык көрөрүн ким билет?+ Көзү өткөндөн кийин күн астында эмне болорун ага ким айта алат?+

Шилтемелер