Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Насаатчы 5:1—20

5  Чыныгы Кудайдын үйүнө баратканыңда бутуңду байка+. Акылсыздардай болуп курмандык чалгандан көрө+, угууга даяр бол+. Анткени алар жамандык кылып жатканын аңдашпайт+.  Сүйлөгөнгө шашпа, жүрөгүң чыныгы Кудайдын алдында сүйлөгөнгө ашыкпасын+. Анткени чыныгы Кудай асманда+, сен болсо жердесиң. Ошондуктан азыраак сүйлө+.  Анткени түш* түйшүктүн көптүгүнөн кирет+, ал эми акылсыздын үнү көп сүйлөгөнүнөн билинет+.  Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар+, анткени акылсызды эч ким жактырбайт+. Берген убадаңды аткар+.  Убада берип коюп+, аткарбай койгондон көрө, убада бербей эле койгонуң жакшы+.  Оозуңдун денеңди күнөөгө батырышына жол бербе+, периштенин алдында+: «Жаңылып калыптырмын»,— дебе+. Чыныгы Кудайды сөздөрүң менен каардантып, колуң менен жасаган иштериңди буздуруп эмне кыласың?+  Түйшүктүн көптүгүнөн түш кирет+, убаракерчилик жана сөз көбөйөт. Сен болсо чыныгы Кудайдан корк+.  Эгерде кайсы бир дубанда жакырлардын кысымга алынып, акыйкаттык менен адилдиктин тебеленип жатканын көрсөң+, таң калба+. Себеби бийлиги бардын үстүнөн аныкынан да чоң бийлиги бар+ карап турат+. Баарынын үстүнөн өздөрүнөн жогору тургандар бар.  Алардын баары жердин эсебинен жашайт+. Падыша өзү да талаанын эсебинен камсыз кылынат+. 10  Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт+. Бул да убаракерчилик+. 11  Мүлк көбөйсө, аны пайдалангандар да көбөйөт+. Ээсине аны карап тургандан башка эмне пайда?+ 12  Көп жейби, аз жейби, мээнет кылгандын уйкусу таттуу болот+, ал эми байдын молчулугу өзүнө уйку бербейт. 13  Күн астынан мен барып турган бир жамандыкты көрдүм: ал — ээсинин шоруна сакталган байлык+. 14  Ошол байлык кайсы бир каргашадан улам жок болот+. Анан ал киши балалуу болгондо, мураска калтырганга колунда эч нерсеси болбойт+. 15  Адам энесинин ичинен жылаңач чыккандай эле, кайра жылаңач кетет+. Кылган эмгеги үчүн өзү менен кошо эч нерсе алып кете албайт+. 16  Бул да барып турган жамандык: адам кандай келсе, ошондой кетет. Анда шамал үчүн эмгектенүүнүн кереги эмне?+ 17  Ал тамагын өмүр бою караңгыда, азап тартып+, ооруп, ачууланып жүрүп жейт. 18  Эмесе, көргөнүмдүн эң жакшысы, эң жагымдуусу — бул адамдын ичип-жеп, чыныгы Кудайдан алган өмүрүндө күн астында кылган эмгегинин үзүрүн көргөнү+. Анткени бул — анын үлүшү. 19  Ошондой эле кайсы бир адамга чыныгы Кудай байлык, мал-мүлк берсе+, аларды пайдаланууга+, өз үлүшүн алууга жана өз эмгегинин үзүрүн көрүүгө да мүмкүндүк берген+. Бул — Кудайдын белеги+. 20  Андай адам өмүрүнүн кыскалыгын кээде гана эстейт, анткени чыныгы Кудай анын жүрөгүн кубанычка бөлөйт+.

Шилтемелер

Же: «кыял».