Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Насаатчы 4:1—16

4  Мен кайрадан артка кылчайып, буларды көрдүм: күн астында ар кандай кордук көрсөтүлүп+, кордук көргөндөр көз жашын төгүп жатыптыр+, бирок аларды соороткон эч ким жок экен+. Кордук көрсөткөндөрдүн колунда күч бар болгондуктан, кордук көргөндөрдү соороткон эч ким жок экен.  Ошондо мен тирүү жүргөндөргө караганда эчак көзү өтүп кеткендер бактылуу экен дедим+.  Бирок аларга караганда төрөлө электерге+, күн астында жасалып жаткан азаптуу иштерди көрө электерге, жакшы+.  Ошондой эле ар кандай эмгектин, иш билгиликтин+ адамдар арасында атаандаштыкты туудурарын көрдүм+. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык.  Акылсыз адам кол куушуруп отура берет да+, өз денесин жейт+.  Жан үрөп иштегенге* жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз* эс алган артык+.  Кайрадан артка кылчайып, күн астындагы дагы бир убаракерчиликти көрдүм:  жанында шериги жок жалгыз бирөө болот+. Анын уулу да, бир тууганы да жок+, бирок эмгектенгени эмгектенген. Анткен менен байлыкка көзү тойбойт+. Ал өзүнө: «Ким үчүн мынчалык эмгектенип, жанымды жай алдырбай жүрөм?» — дейт+. Бул да убаракерчилик жана азаптуу иш+.  Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы+. Анткени алар өз эмгегинин үзүрүн көрөт+. 10  Бири жыгылса, экинчиси тургузат+. Бирок жыгылса тургузары жок адам кантет?+ 11  Эгерде экөө чогуу жатса, бири-бирин жылытат. Ал эми жалгыз адам кантип жылына алат?+ 12  Эгер жалгыз адамды кимдир бирөө жеңип баратса, экөөлөп ага каршы тура алышат+. Ошондой эле үч кат жип оңой менен үзүлбөйт. 13  Кары, бирок эскертүүнү кабыл ала билбеген+ акылсыз падышага+ караганда жакыр, бирок акылдуу бала артык+. 14  Анткени ал ошол падышалыкта жакыр болуп төрөлсө да+, падыша болуш үчүн түрмөдөн чыгат+. 15  Мен күн астында тирүү жүргөндөрдүн баарынын, ошондой эле падышанын ордун ээлеген баланын эмне болгонун көрдүм+. 16  Анын кол алдындагылары көп болсо да+, кийин ага нааразы боло башташат+. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Эки ууч эмгекке».
Сөзмө-сөз: «бир ууч».