Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Насаатчы 3:1—22

3  Бардык нерсенин өз убагы бар+, асман астындагы ар бир иштин өз убагы бар:  төрөлө турган убак бар+, өлө турган убак бар+; отургуза турган убак бар+, отургузулганды жула турган убак бар;  өлтүрө турган убак бар+, айыктыра турган убак бар+; буза турган убак бар, кура турган убак бар+;  ыйлай турган убак бар+, күлө турган убак бар+; боздой турган убак бар+, бийлей турган убак бар+;  таштарды ыргыта турган убак бар+, кайра чогулта турган убак бар+; кучакташа турган убак бар+, кучакташпай турган убак бар+;  издей турган убак бар+, издебей турган убак бар; сактай турган убак бар, ыргыта турган убак бар+;  айрый турган убак бар+, тиге турган убак бар+; унчукпай турган убак бар+, сүйлөй турган убак бар+;  сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар+; согуша турган убак бар+, тынч жашай турган убак бар+.  Эмгектенген кишиге эмгегинен эмне пайда?+ 10  Мен Кудайдын адам баласына аткаруу үчүн берген иштерин көрдүм+. 11  Ал баарын өз убагында сонун кылып жасаган+. Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган+, бирок алар анын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпайт+. 12  Мен буларды түшүндүм: адамдын кубанып, жакшылык кылып өмүр сүргөнүнөн өтөрү жок экен+, 13  ар бир адам ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүшү керек экен+. Бул — Кудайдын белеги+. 14  Чыныгы Кудай жасагандын баары түбөлүктүү экенин билдим+. Аларга кошо турган же алардан алып сала турган эч нерсе жок+. Муну чыныгы Кудай адамдарды корксун+ деп кылган+. 15  Азыр бар нерсе мурун да болгон, кийин боло турган нерсе да мурун эле болгон+, ал эми чыныгы Кудай+ куугунтукталганды издейт+. 16  Күн астынан мен адилеттүүлүк болушу керек болгон жерде мыйзамсыздык, адилдик болушу керек болгон жерде ыймансыздык өкүм сүрүп жатканын да көрдүм+. 17  Ошондо ичимен+: «Чыныгы Кудай адил адамдын да, ыймансыздын да ишин териштирет+, анткени ар бир нерсенин, ар бир иштин өз убагы бар»,— дедим+. 18  Мен ичимен адамдар тууралуу: «Өздөрүнүн жаныбарлар сыяктуу экенин көрүшү үчүн, чыныгы Кудай аларды текшерет экен»,— дедим+. 19  Анткени адам баласы эмне болсо, жаныбарлар да ошол болот+. Жаныбарлар өлгөндөй эле, адамдар да өлөт+. Баарынын өмүр деми бир+, адамдын жаныбардан артыкчылыгы жок, анткени бардыгы — убаракерчилик. 20  Бардыгы бир жерге барат+. Бардыгы топурактан жаралган+, бардыгы кайра топуракка кайтат+. 21  Адам баласынын өмүр деми жогору жакка көтөрүлөбү, жаныбарлардын өмүр деми төмөн жакка түшөбү, муну ким билет?+ 22  Ошентип, мен адамдын өз иштеринен кубаныч алганынан өтөрү жок экенин көрдүм+, анткени анын үлүшү — ошол. Себеби өзүнөн кийин эмне болорун көрүүгө аны кайра ким алып келет?+

Шилтемелер