Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Насаатчы 2:1—26

2  Мен өз ичимен+: «Кана, көңүл ачып+, жыргалга батып көрөйүнчү»,— дедим+. Бирок анын да убаракерчилик экенин көрдүм.  Күлкүнү: «Акылсыздык!» — дедим+. Ал эми көңүл ачуу тууралуу+: «Мындан эмне пайда?» — дедим.  Мен денемди шарап менен ырахаттандырып+, акылсыздыкты дит коюп изилдедим+. Ошол эле учурда адам баласынын өмүр бою+ асман астында жасаган иштеринен кандай жакшылык көрөрүн билиш үчүн жүрөгүмдү акылмандык менен башкардым.  Мен чоң иштерди бүтүрдүм+: өзүмө үйлөрдү курдум+, жүзүмзарларды отургуздум+;  бактарды, сейил бактарды өстүрдүм+, алардын ичине ар кандай мөмөлүү дарактарды отургуздум;  токойлорумдагы бак-дарактарды сугарыш үчүн+ көлмөлөрдү жасадым+;  кул-күңдөрдү сатып алдым+, арасында үйүмөн төрөлгөндөрү да болду+. Бодо малым да, майда малым да арбын болду. Алардын саны менден мурун Иерусалимде жашагандардыкынан алда канча ашып түштү+.  Ошондой эле алтын-күмүш топтодум+, падышалардан жана кол алдымдагы дубандардан да ар кандай дүнүйө-мүлк түштү+. Ырчы кыз-жигиттерди+, адам баласынын жыргалы+ болгон аялзатын күттүм+.  Иерусалимде өзүмөн мурун жашагандардын баарынан атактуу, баарынан бай болдум+. Акылмандыгыман да ажыраган жокмун+. 10  Мен көзүм каалаган нерселердин биринен да баш тарткан жокмун+. Жүрөгүмдү көңүл ачуунун эч бир түрүнөн өксүткөн жокмун, анткени жүрөгүм бүт эмгегимден кубаныч тапты+. Бул менин бүт эмгегимден алган үлүшүм болду+. 11  Ошондо колум менен жасаган бардык иштериме, кылган эмгегиме кылчая карап+, бардыгынын убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык экенин түшүндүм+. Алардан күн астында эч пайда жок экен+. 12  Анан акылмандыкты+, акылсыздыкты жана наадандыкты байкап көрөйүнчү деп артыма кылчайдым+. Падышадан кийин келе турган пенде эмне кыла алат? Ал деле мурункулар кылып келгенди кылат. 13  Ошондой эле, караңгылыктан жарык артык болгондой+, акылсыздыктан акылмандык артык экенин көрдүм+. 14  Акылман өз жолун даана көрөт*+, ал эми акылсыз коюу караңгылыкта жүрөт+. Бирок баарынын башына бир эле нерсе түшөрүн билдим+. 15  Анан ичимен+: «Акылсыздын башына акыры эмне түшсө+, ал менин да башыма түшөт»,— дедим+. Анда ушунчалык акылдуу болгонумдун кереги эмне?+ Ошондо ичимен: «Бул да убаракерчилик»,— дедим. 16  Анткени акылман, акылсыз сыяктуу эле, түбөлүккө эсте калбайт+. Келечекте баары унутулат. Акылсыз сыяктуу эле, акылман да өлөт+. 17  Ошондуктан өмүрдү жек көрүп кеттим+, анткени күн астында жасалып жаткан иштер мага азаптуудай көрүндү+. Бардыгы убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык экен+. 18  Мен күн астында кылган эмгегимдин бардыгын жек көрдүм+, анткени баары менден кийин келе турган адамга калат+. 19  Анын акылдуу же акылсыз болорун ким билет?+ Анткен менен ал менин күн астында мээнет кылып, акылмандык менен тапканымдын баарына ээлик кылат+. Бул да убаракерчилик. 20  Ошондо артыма кылчайып, күн астында кылган эмгегимдин баарынан көңүлүм калды+. 21  Анткени кимдир бирөө акылмандык, билим, иш билгилик менен эмгектенсе да+, тапканынын баары мээнет кылбаган башка бирөөгө калат+. Бул да убаракерчилик, чоң мүшкүл+. 22  Анда адам күн астында кылган бүт эмгегинен, жүрөгүнүн умтулуусунан эмне табат?+ 23  Өмүр бою анын иштери азап, кайгы менен коштолуп+, түн ичинде да жүрөгү тынч албайт+. Бул да убаракерчилик. 24  Адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок+. Мунун да чыныгы Кудайдын колунан экенин көрдүм+. 25  Анткени менден артык+ жеп-ичкен ким бар?+ 26  Өзүнө жаккан адамга+ чыныгы Кудай акылмандык, билим, кубаныч берет+, ал эми күнөөкөргө, тапкан-жыйганын Кудайга жаккан кишиге бериши үчүн, чогултуу жана топтоо түйшүгүн берет+. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Акылмандын көзү башында».