Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Насаатчы 12:1—14

12  Оор күндөр келгенге чейин, «жашоонун кызыгы жок»+ дей турган жылдар келгенге чейин+, жаш кезиңде+ Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба+.  Күндүн, айдын, жылдыздардын жарыгы өчө электе+, кара булут каптап, нөшөр төгө электе, Аны унутпа.  Ошол күнү үй+ кайтаргандар титиреп, кубаттуулар бүгүлөт+, жаргылчак тарткандардын+ аздыгынан алардын иши токтойт, терезени карап тургандар+ караңгыдан башканы көрүшпөйт.  Көчөнү караган эшиктер жабылат+, жаргылчактын үнү басылат+, киши чымчыктын сайраганын угуп ойгонот, ырчы кыздардын үнү акырын чыгып калат+.  Бийик жерлер коркунучтуу болуп көрүнөт, жолдо үрөй учурган нерселер болот. Бадам гүлдөйт+, чегиртке бутун сүйрөп басып калат, коңуз баш* жарылат. Анткени адам узак убакытка үйү боло турган жайга+ баратат, көчөдө кошокчулар басып жүрөт+.  Күмүш боо үзүлө электе, алтын чөйчөк сына электе+, булактын жанындагы кумура талкалана электе, кудуктун чыгырыгы сына электе, Аны эсиңден чыгарба.  Ошондо топурак кайрадан жерге — мурунку жайына — кайтат+, ал эми чыныгы Кудай+ берген+ өмүр деми+ кайрадан Ага кайтат.  «Убаракерчиликтин убаракерчилиги! — деди насаатчы+.— Баары убаракерчилик!»+  Насаатчы акылмандыкка ээ болгондон тышкары+, элге билим берип келди+. Ал ой жүгүртүп, кылдат изилдеп+, көп накыл сөздөрдү түздү+. 10  Насаатчы көркөм сөздөрдү табууга+, чындык сөздөрүн+ так жазууга аракет кылды. 11  Акылмандардын сөздөрү учтуу таяктай+, учкул сөздөрдү чогулткандар кагылган мыктай+. Ал сөздөр бир койчудан+. 12  Мындан башкасынын баарынан сак бол, уулум: китепти көп жаза берсе, аягы бүтпөйт; көп окуса, дене чарчайт+. 13  Бардык айтылгандардын корутундусу бул: чыныгы Кудайдан корк+, анын осуяттарын аткар+. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул. 14  Жакшы же жаман экенин териштирип, чыныгы Кудай ар бир ишке, ар бир жашыруун нерсеге өкүм чыгарат+.

Шилтемелер

Тамакка табит тарттыруучу өсүмдүктүн түрү.