Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Насаатчы 11:1—10

11  Наныңды+ сууга агыз+, анткени аны көп күндөн кийин кайра табасың+.  Колуңдагыны жети, атүгүл сегиз киши менен бөлүш+, анткени жерде кандай алаамат болорун билбейсиң+.  Эгер булуттар сууга толсо, жерге нөшөр төгөт+. Дарак+ түштүккө же түндүккө куласа, ал кулаган жеринде калат.  Шамалды караган үрөн сеппейт, булутту караган оруп-жыйбайт+.  Кош бойлуу аялдын ичиндеги баланын сөөктөрүндө өмүр деминин* кандайча иш-аракет кыларын билбегениңдей эле+, баарын жасап жаткан чыныгы Кудайдын иштерин да билбейсиң+.  Үрөнүңдү эртең менен сеп да, колуңду кечке чейин тындырба+. Анткени кайсынысы өнүп чыгарын, мунусубу же тигинисиби, же экөө тең өнүп чыгабы, билбейсиң+.  Жарык жагымдуу, көздүн күндү көргөнү жакшы+.  Эгер адам көп жыл жашаса, өмүрү өткөнчө кубансын+. Бирок ал кайгылуу күндөрдү да эстей жүрсүн+, анткени андай күндөр көп болушу ыктымал; алдыдагы күндөрдүн баары — убаракерчилик+.  Жигит, жаш чагыңда кубан+, жаштык күндөрүңдө жүрөгүң шаттансын. Жүрөгүңдүн каалоосу, көзүңдүн жетеги менен жүр+. Бирок чыныгы Кудайдын ошонун баары үчүн жоопко тартарын билип кой+. 10  Андыктан жүрөгүңдү кайгыдан арылт, денеңден мүшкүлдү алыс кыл+, анткени жаштык да, күлгүн курак да убаракерчилик+.

Шилтемелер

Же: «рухтун».