Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Насаатчы 10:1—20

10  Өлгөн чымындар жыпар жыттуу майды бузуп, сасытып жиберет. Анын сыңарындай, акылмандыгы, атак-даңкы менен бааланган адамдын кымындай эле акылсыздыгы беделин түшүрөт+.  Акылдуунун жүрөгү оң жагында+, ал эми акылсыздыкы сол жагында+.  Акылсыз кайсы жолдо жүрбөсүн+, ага акыл жетишпейт, ал өзүнүн акылсыз экенин ар кимге айта берет+.  Эгер башкаруучуң сага каарданса, ордуңду таштап кетпе+, анткени сабырдуулук чоң күнөөлөрдү алдын алат+.  Мен күн астынан бийлик башчысынын+ жаңылыштыгындай+ болгон дагы бир жамандыкты көрдүм:  акылсыздар жогорку орундарга коюлган+, ал эми татыктуулар төмөнкү орундарда отурушат.  Мен кулдардын ат минип, төрөлөрдүн кулдарга окшоп жөө жүргөнүн көрдүм+.  Ор казган киши ага өзү түшөт+, таш дубалды ураткан кишини жылан чагат+.  Кен казган киши бир жерин кокустатып алат. Отун жарган киши да этият болушу керек+. 10  Мокогон балта курчутулбаса+, анда күчкө салууга туура келет. Ал эми акылмандык менен иш кылуу ийгиликке жеткирет+. 11  Эгер жылан арбала электе чагып алса+, анда арбоочунун тилинен эч кандай пайда жок. 12  Акылмандын оозунан чыккан сөздөр жагымдуу+, ал эми акылсыздын оозу өзүн ойрон кылат+. 13  Акылсыздын оозунан чыккан кептин башы — акылсыздык+, аягы — кесепеттүү наадандык. 14  Акылсыз көп сүйлөйт+. Адам алдыда эмне болорун билбейт; көзү өткөндөн кийин эмне болорун ага ким айта алат?+ 15  Акылсыздар өз эмгегинен чарчайт+, анткени шаарга кеткен жолду бири да билбейт+. 16  Оо, жер, падышаң жаш бала болуп+, төрөлөрүң таң атпай тойлоп жүрсө, сен эмне болосуң? 17  Оо, жер, падышаң тектүү тукумдан болсо, төрөлөрүң өз маалында, мас болуш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн дасторконго отурушса, бактылуусуң+. 18  Жалкоолуктан үйдүн устундары ийилет; кол куушуруп отура берсе, үйдүн чатырынан суу өтөт+. 19  Нан жумушчулардын күлкүсүн чыгарат, шарап жашоонун көркүн ачат+, бирок баарын акча чечет+. 20  Падышаны уктаган бөлмөңдө да жамандаба+, байды төркү бөлмөлөрүңдө да жамандаба+, анткени сөзүңдү чымчык жеткирип барат, канаттуу куш айтып барат+.

Шилтемелер