Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 9:1—18

9  Чыныгы акылмандык+ өзүнө үй курду+, анын жети устунун жонуп даярдады.  Малын союп, шарабын камдап, дасторконун жайды+.  Кызматчы кыздарын шаардын бийик жерлеринен мындай деп жар салууга жөнөттү:  «Ким тажрыйбасыз болсо, бери кайрылсын!»+ Ал эми акылсызга*+:  «Кел, нанымдан жеп, камдап койгон шарабымдан ич+.  Тажрыйбасыздарды таштап, өмүр сүр+, түшүнүктүн жолунда түз жүр»+,— деди.  Шылдыңчылды оңдоп-түзөгөн өзү уят болот+, ыймансызды ашкерелеген өзү зыян тартат+.  Шылдыңчылды ашкерелебе, болбосо ал сени жек көрүп калат+. Акылдууну ашкереле, ошондо ал сени жакшы көрөт+.  Насаатты акылдууга айт — ал ого бетер акылдуу болот+. Адил адамды үйрөт — ал билимин арбытат. 10  Акылмандыктын башталышы — Жахабадан коркуу+. Баарынан Ыйыкты таанып-билүү түшүнүккө ээ кылат+. 11  Мен аркылуу өмүрүң узарат+, жашыңа жаш кошулат+. 12  Акылман болсоң, акылмандыгыңдын үзүрүн көрөсүң+. Шылдыңчыл болсоң, азабын өзүң тартасың+. 13  Акылсыз аял — шарактаган+, ойлонуп иш кылбаган, эч нерсе билбеген аял+. 14  Ал үйүнүн эшигинин алдында отургучта, шаардын бийик жерлеринде отурат да+, 15  жолдон өтүп бараткандарды, өз жолдорунда түз бараткандарды чакырып+: 16  «Ким тажрыйбасыз болсо, бери кайрылсын!» — дейт+. Ал эми акылсызга*+: 17  «Уурдап ичкен суу таттуу+, катып жеген нан даамдуу»,— дейт+. 18  Бирок акылсыз анын үйү күчсүз өлүктөр жаткан жай экенин, анын үйүнө киргендер көрдүн* түбүнө түшкөнүн билбейт+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемге».
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемге».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.