Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 30:1—33

30  Жакенин уулу Агурдун сөздөрү, нуска кеби+. Анын Итиелге, Итиел менен Укалга айткан сөздөрү.  Мен баарынан акылсызмын+, адамдарда бар түшүнүк менде жок+;  мен акылмандыкка үйрөнгөн жокмун+, менде Баарынан Ыйыктын билими жок+.  Асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн ким бар?+ Шамалды кош уучуна чогулткан ким бар?+ Сууну чапанына түйүп алган ким бар?+ Жердин булуң-бурчун ким жараткан?+ Эгер билсең, анын аты ким?+ Уулунун аты ким?+  Кудайдын ар бир сөзү таза+. Ал — Өзүнөн баш маана издегендерге калкан+.  Ал сени ашкерелебеши үчүн, калпычы болуп калбашың үчүн+, анын сөздөрүнө эч нерсе кошпо+.  Сенден эки нерсени тилейм+, көзүм тирүү кезде орундата көр+:  менден жалганчылык менен калп сөздү алыс кыл+, мени жакыр да, бай да кыла көрбө+. Ырыскымды бере көр+.  Ашыра тоюп алып, сенден баш тартып+: «Жахаба ким экен?!» — деп айтпагыдай болоюн+ же жакырданып кетип, уурулук кылып, Кудайымдын атына тил тийгизбегидей болоюн+. 10  Каргышка калбашың үчүн, күнөөлүү болуп калбашың үчүн+, кулга мырзасынын алдында жалаа жаппа+. 11  Атасын да каргаган, энесин да алкабаган муун бар+. 12  Заң-заарасынан тазаланбай туруп+, өзүн таза эсептеген муун бар+. 13  Менменсинген, бой көтөргөн муун бар+. 14  Жер жүзүндөгү бей-бечараларды, адамзат тукумундагы кембагалдарды жеп-жутуу үчүн+, тиштери кылыч+, жаактары канжар болгон муун бар. 15  Сүлүк курттун «келе, келе!» деп кыйкырган эки кызы бар. Тойбогон үч нерсе, «жетет!» дебеген төрт нерсе бар: 16  көр*+ менен тукумсуз жатын+, сууга тойбогон жер+ менен «жетет!» дебеген+ от+. 17  Атасын мыскылдаган, энесине баш ийбеген+ көздү өзөндүн кузгундары чокуйт, бүркүттүн балапандары жейт. 18  Мен үчүн укмуштуу үч нерсе, түшүнүксүз төрт нерсе бар: 19  асмандагы бүркүттүн жолу, аскадагы жыландын жолу, деңиздин ортосундагы+ кеменин жолу жана кызга бараткан жигиттин жолу+. 20  Бузулган аялдын жолу мындай: ал жеп бүткөн соң, оозун аарчып: «Мен эч кандай жаман иш кылган жокмун»,— дейт+. 21  Үч нерседен жер солкулдайт, ал төрт нерсени көтөрө албайт: 22  кул падышалык кылганда+, акылсыздын тамак-ашы жетиштүү болгондо+, 23  жек көрүндү аял күйөөгө тийгенде+, күң өзүнүн мырзайымынын ордун ээлегенде+. 24  Жер бетинде эң кичинекей, бирок сокур сезими менен акылдуу келген төрт жаныбар бар+: 25  кумурскалар — күч-кубатсыз «эл»+, бирок азыгын жайында камдап алышат+; 26  тоо дамандары*+ — алсыз «эл», бирок үйлөрүн аскага салышат+; 27  чегирткелер+: алардын падышасы жок, бирок баары топ-топко бөлүнүп чыгышат+; 28  геккон кескелдириги+: ал буттары менен жармашып, падышанын ак сарайында да болот. 29  Басканы сонун үчөө, жүрүшү укмуш төртөө бар: 30  арстан — айбанаттардын күчтүүсү, ал эч кимдин алдында кетенчиктебейт+; 31  тайган менен теке, ошондой эле өз элинин аскерлеринин башында турган падыша+. 32  Акылсыздык кылып, бой көтөрсөң+ же ошентүүнү ойлосоң, анда колуң менен оозуңду жап+. 33  Анткени сүттү бышканда май чыгат, мурунга урганда кан чыгат, ал эми ачууга алдырганда чатак чыгат+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Зб 104:18дин шилт-н кара.