Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 3:1—35

3  Уулум, менин мыйзамымды унутпа+, жүрөгүң осуяттарымды сактасын+,  ошондо жашаган күндөрүң менен өмүр сүргөн жылдарың узарып+, тынчтыкка ээ болосуң+.  Сени мээримдүүлүк менен чындык таштабасын+. Аларды мойнуңа байлап+, жүрөгүңө жазып ал+.  Ошондо Кудайдын да, адамдардын да көз алдында ырайым табасың, терең түшүнүгүң менен тааныласың+.  Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян+, өз түшүнүгүңө ишеним артпа+.  Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр+, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт+.  Өзүңдү акылдуу эсептебе+. Жахабадан коркуп, жамандыктан алыс бол+.  Ошондо денең* айыгат+, сөөктөрүңө кубат кирет+.  Жахабага баалуу нерселериң менен+, бардык жемиштериңдин биринчи түшүмү менен урмат көрсөт+. 10  Ошондо кампаларың ашыгы менен толот+, жүзүм сыккычтарыңдан жаңы шарап ташыйт+. 11  Уулум, Жахабанын акыл-насаатын четке какпа+, анын ашкерелегенин жек көрбө+, 12  анткени атасы жакшы көргөн уулун оңдоп-түзөгөндөй эле+, Жахаба кимди жакшы көрсө, ошону оңдоп-түзөйт+. 13  Акылмандыкты тапкан+, кыраакылыкка+ ээ болгон киши бактылуу, 14  анткени акылмандыкка ээ болуу күмүшкө ээ болуудан артык, ал алтынга караганда көбүрөөк пайда алып келет+. 15  Ал маржандан* кымбат+, сага ырахат тартуулаган нерселердин бири да ага тең келбейт. 16  Анын оң колунда — узун өмүр+, сол колунда — байлык менен атак-даңк+. 17  Анын жолдору жагымдуу, бардык жолдору — тынчтык+. 18  Акылмандыкка ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы+. Ага бекем кармангандарды+ бактылуу дешет+. 19  Жахаба жерди акылмандыгы менен түптөгөн+, асманды кыраакылыгы менен орноткон+. 20  Анын билиминин аркасында суу туңгуюктары бөлүнгөн+, булуттуу асмандан жаан себелейт+. 21  Уулум, ушул сапаттар көз алдыңан кетпесин+. Акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн сакта+. 22  Алар жаныңа өмүр+, мойнуңа жасалга болот+. 23  Ошондо жолуңда коопсуз басасың+, бутуң эч нерсеге чалынбайт+. 24  Жатканда коркпойсуң+, уйкуң таттуу болот+. 25  Күтүлбөгөн коркунучтан+, ыймансыздардын башына түшө турган алааматтан коркпойсуң+. 26  Анткени Жахабадан үмүттөнөсүң+, ал сенин бутуңду тузактан сактайт+. 27  Колуңан келип турганда+, муктаж болгондордон жакшылыгыңды аяба+. 28  Колуңда бар болуп туруп, жакыныңа: «Бар, эртең кел, эртең берем»,— дебе+. 29  Сени менен бейкапар жашап жаткан жакыныңа+ жамандык кылууну ойлобо+. 30  Сага жамандык кылбаган киши менен+ жөн жерден чатакташпа+. 31  Зөөкүр кишиге көз артпа+, анын жолдорунун бирине да түшпө+. 32  Анткени Жахаба арамзадан+ жийиркенет+, ал эми чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот+. 33  Жахабанын каргышы ыймансыздын үйүнө тиет+, ал эми адил адамдардын турак жайына ал батасын берет+. 34  Ал шылдыңчылдарды+ уятка калтырат+, ал эми мүнөзү жумшактарга ырайым кылат+. 35  Акылмандар урмат-сыйга татыйт+, акылсыздар болсо маскаралыкты даңазалайт+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «киндигиң».
Маржан байыркы убакта абдан баалуу асыл таш болгон.