Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 29:1—27

29  Кайра-кайра ашкереленгенине карабай+ тоң моюндук кылган киши+ күтүлбөгөн жерден ойрон болот, кайра турбайт+.  Адил адамдар көбөйгөндө, эл кубанат+, ал эми ыймансыз бийлик жүргүзгөндө, эл үшкүрүнөт+.  Акылмандыкты жакшы көргөн адам атасын кубантат+, ал эми сойкулар менен мамилелешкен киши баалуу нерселерин бүлдүрөт+.  Падыша өлкөсүн адилеттүүлүк менен бекемдейт+, паракор киши бүлгүнгө учуратат+.  Досуңа кошомат кылганың+ — анын бут алдына тор жайганың+.  Жаман кишинин кылмышы өзүн тузакка түшүрөт+, ал эми адил адам кубанып-шаттанат+.  Адил адам бей-бечаралардын доосун билет+. Ал эми ыймансыз аны билгиси келбейт+.  Ооз көптүрө сүйлөгөндөр шаарга от коёт+, акылмандар болсо каарды кайт кылат+.  Акылдуу киши акылсыз менен соттошкондо, акылсыз албууттанат, күлөт, ортодогу тынчтык бузулат+. 10  Канкорлор кынтыксыздарды жек көрүшөт+, чынчылдар болсо ар бир жандын жыргалчылыгын көздөйт+. 11  Акылсыз бүт ачуусун* чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат+. 12  Башкаруучу жалган кепке кулак төшөсө, кол алдындагыларынын баары ыймансыз болот+. 13  Жакыр менен кысымчыл кишинин бир окшош жагы бар+: экөөнүн тең көзүнө Жахаба жарык берет+. 14  Падыша мусапырлардын ишин чындык боюнча териштирсе+, тактысы ар дайым бекем болот+. 15  Чыбык жана оңдоп-түзөө акылман кылат+. Ал эми өз эркине коюлган бала энесин уятка калтырат+. 16  Ыймансыздар көбөйгөндө, кылмыштуулук көбөйөт, бирок адил адамдар алардын кулаганын көрөт+. 17  Уулуңду жазала, ошондо ал сага тынчтык берип, жаныңды жыргатат+. 18  Кудайдын жетекчилиги жок жерде эл ээ-жаа бербейт+, ал эми мыйзамды сактагандар бактылуу+. 19  Кулду сөз менен эле тарбиялоо жетишсиз+, анткени ал түшүнүп турса да, көңүл бурбайт+. 20  Ойлонбой сүйлөгөн кишини көрдүң беле?+ Ага караганда акылсыздын оңолоруна көбүрөөк үмүттөнсө болот+. 21  Кулду жаш чагынан эркелетсең, кийин жакшылыгыңды баалабай калат. 22  Ачууга алдырган киши уруш чыгарат+, каарданууга жакын киши көп күнөө кылат+. 23  Адамды бой көтөрүүчүлүгү басынтат+, ал эми момун киши даңкка ээ болот+. 24  Ууруга шерик болгон өз жанын жек көрөт+. Ал каргыш аралаш ант укса да, жашырып коёт+. 25  Адамдардан коркуу тузак коёт+, ал эми ким Жахабага таянса, ал коопсуз болот+. 26  Башкаруучунун жүзүн көрүүгө көптөр умтулат+, бирок өкүмдү Жахаба чыгарат+. 27  Адилетсиз киши адил адамдар үчүн жийиркеничтүү+, ал эми түз жолдо жүргөн киши ыймансыздар үчүн жийиркеничтүү+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «рухун».