Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 28:1—28

28  Ыймансыздар артынан эч ким кубалабаса деле качышат+, ал эми адил адамдар жаш арстандай тайманбас+.  Өлкөдө мыйзам бузулганда, көп төрө алмашат+, ал эми иш билги жана кыраакы адам жардам бергенде, төрө узакка бийлик кылат+.  Баарын алып кетип, азыксыз калтырган жамгыр кандай болсо, бей-бечараларды алдаган жакыр да ошондой+.  Мыйзамдан четтегендер ыймансызды макташат+, ал эми мыйзамды сактагандар аларды жактырышпайт+.  Кыянаттык кылгандар адилеттикти түшүнбөйт, ал эми Жахабаны издегендер баарын түшүнөт+.  Кыйшык жолдо жүргөн байга караганда кынтыксыз жүргөн кедей жакшы+.  Түшүнүгү бар уул мыйзамды сактайт+, ал эми соргоктор менен достошкон уул атасын уятка калтырат+.  Ким үстөк алып, өз кызыкчылыгын көздөп мүлк топтосо+, ал аны бей-бечараларга кайрымдуулук кылган бирөө үчүн топтойт+.  Ким мыйзамды уккусу келбей кулагын жапса+, анда анын тиленүүсү да жийиркеничтүү+. 10  Чынчыл адамдарды жаман жолго салган+ киши өз оруна өзү түшөт+, ал эми кынтыксыз адамдар жакшылыкты мурасташат+. 11  Бай киши өзүн акылман эсептейт+, бирок кыраакы кедей анын чынында кандай экенин билет+. 12  Адил адамдардын шаттанганы кандай сонун!+ Ал эми ыймансыздар бийликке келгенде, адам өзүн таанылгыс кылат+. 13  Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт+, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат+. 14  Кудайдан дайыма корккон адам бактылуу+, ал эми жүрөгүн катаалданткан адам кырсыкка кабылат+. 15  Карапайым элге үстөмдүк кылган ыймансыз башкаруучу арылдаган арстандай, атырылган аюудай+. 16  Жол башчыга кыраакылык жетишпесе, ал ар кандай митаамдыкка барат+, ал эми арам оокатты жек көргөн+ өз өмүрүн узартат. 17  Кимдир бирөөнүн* канына забын болгон киши көргө түшкөнгө чейин качып жүрөт+. Аны тим койгула. 18  Кынтыксыз жүргөн куткарылат+, ал эми түз жолдо жүрбөгөн күтүлбөгөн жерден кулайт+. 19  Жерин иштеткен нанга тоёт+, ал эми пайдасыз нерселердин артынан түшкөн жокчулукка тоёт+. 20  Ишенимдүүлүк менен иш кылган адам көп бата алат+, ал эми баюуга ашыккан адам айыпка жыгылат+. 21  Бет карамалык кылуу жакшы эмес+, адамдын бир кесим нан үчүн кылмышка барганы да жакшы эмес. 22  Ач көз киши байлыктын артынан сая түшөт+, бирок башына жокчулук түшөрүн билбейт. 23  Тили менен кошоматчылык кылган кишиге караганда бетке айтып ашкерелеген кишини+, акыр-аягы, көбүрөөк жакшы көрүшөт. 24  Ким ата-энесин тоноп+: «Бул кылмыш эмес»,— десе+, ал — бүлдүргүчтүн шериги. 25  Текебер уруш чыгарат+, ал эми Жахабага таянган гүлдөйт+. 26  Ким өз жүрөгүнө таянса, ал акылсыз+, ал эми ким акылмандык менен жүрсө, ал аман калат+. 27  Жакырга кайрылышкан кем болбойт+, ал эми андан көзүн ала качкан көп каргышка калат+. 28  Ыймансыздар бийликке келгенде, адам жашынат+, ал эми алар жок болгондо, адил адамдар көбөйөт+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жандын».