Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 26:1—28

26  Жайында жааган кардай, оруу-жыюу маалында жааган жамгырдай+, даңк акылсызга жарашпайт+.  Чымчык бекеринен уча качпагандай, чабалекей жөн жерден учуп кетпегендей, каргыш да себепсиз тийбейт+.  Камчы — атка+, ооздук+ — эшекке, ал эми союл — акылсыздардын жонуна+.  Акылсызга акылсыздыгына жараша жооп бербе, болбосо өзүң да ошондой болуп каласың+.  Акылсыз өзүн акылдуу сезип калбашы үчүн, ага акылсыздыгына жараша жооп бер+.  Ишти акылсыздын колуна тапшырган киши өз бутун мунжу кылып, өзүнө зыян келтирген кишидей+.  Аксактын буту суу ташыйбы? Анда акылсыздардын да оозунда накыл сөз бар+.  Акылсызды даңктаган киши үйүлгөн таштын арасына таш көмгөн кишидей+.  Акылсыздардын оозундагы накыл сөз мастын колундагы тикенектүү өсүмдүктөй+. 10  Акылсызды же өтүп бараткан бирөөнү жалдаган киши ылгабай баарын ата берген жаачыдай+. 11  Ит кайра барып, кусундусун жегендей эле, акылсыз акылсыздыгын кайталайт+. 12  Өзүн акылдуу эсептеген кишини көрдүң беле?+ Ага караганда акылсыздын оңолоруна көбүрөөк үмүттөнсө болот+. 13  Жалкоо: «Жолдо жаш арстан жүрөт! Аянтта арстан жүрөт!» — дейт+. 14  Эшик топсосунда айланат, жалкоо төшөгүндө оонайт+. 15  Жалкоо колун табакка салат, бирок ушунчалык чарчагандыктан, кайра оозуна жеткире албайт+. 16  Жалкоо өзүн жүйөлүү жооп берген жети кишиден акылдуу эсептейт+. 17  Өтүп баратып башкалардын чатагына кийлигишүү итти кулактан алганга барабар+. 18  Оттуу жебелерди+, өлүм найзасын ыргыткан кем акыл кандай болсо, 19  жакынын алдап коюп, анан: «Тамашалап эле койдум»,— деп анткорлонгон да ошондой+. 20  Отун жок жерде от өчөт, жалаачы жок жерде уруш басылат+. 21  Көмүр — чокко, жыгач — отко, урушчаак киши — чатак чыгарууга+. 22  Жалаачынын сөзү даамдуу тамактай, ал адамдын ичине сиңет+. 23  Жүрөгү бузуктун жалындуу сөзү күмүш менен жалатылган карапанын сыныгындай+. 24  Бирөөнү жек көргөн киши өзүн тили менен таанылгыс кылат, бирок ичинен алдоону ойлойт+. 25  Жумшак сүйлөсө да+, ага ишенбе+. Анткени анын жүрөгүндө жети жийиркеничтүү нерсе бар+. 26  Анын жек көрүүсүн алдамчылык жашырып турса да, кыянаттыгы жыйналышта ашкереленет+. 27  Ор казган киши ага өзү түшөт+, таш тоголоткон киши өзү анын астында калат+. 28  Калп сүйлөгөн тил өзү жаралагандарды жек көрөт+, кошоматчы ооз ойрон кылат+.

Шилтемелер