Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 20:1—30

20  Шарап шылдыңчыл+, күчтүү ичимдик чатакчыл+, аларга берилип жолдон чыккандардын акылы жок+.  Падышанын айбаты жалдуу жаш арстандын арылдаганындай+. Анын каарына калгандар өз жанына каршы күнөө кылышат+.  Талаш-тартыштан оолак болуу даңк алып келет+. Ал эми акылсыз адам талашка жакын+.  Жалкоо суукта жер айдабайт да+, оруп-жыйноо маалында тилемчилейт, бирок эч нерсе таппайт+.  Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар+, кыраакы киши аларды сузуп алат+.  Көптөр өз мээримдүүлүгүн жар салат+, бирок ишенимдүү адамды ким таба алат?+  Адил адам кынтыксыз+; анын артында калган балдары бактылуу+.  Падыша сот тактысында отурат+, көзү менен жамандыктын баарын кубалайт+.  «Мен жүрөгүмдү тазаладым+, күнөөмдөн арылдым»,— деп ким айта алат?+ 10  Таразанын эки башка ташы да, эки түрлүү өлчөгүч да+ Жахабанын көз алдында жийиркеничтүү+. 11  Атүгүл жаш баланын жүрүм-туруму анын иштеринин таза же таза эмес экенин, туура же туура эмес экенин көрсөтөт+. 12  Уккан кулакты да, көргөн көздү да Жахаба жараткан+. 13  Жакыр болбоюн десең, уйкуну жакшы көрбө+. Көз ирмебе, ошондо нанды тоё жейсиң+. 14  Кардар: «Жаман, жаман»,— дейт да, жолуна түшөт+. Мындай баскандан кийин мактанат+. 15  Алтын бар, сансыз маржан да бар, бирок билимге толгон ооз баа жеткис идиштей+. 16  Башка бирөө үчүн кепил болгондун кийимин алып кал+, бөтөн жерлик аял менен мамилелешкенден күрөө ал+. 17  Алдамчылык менен тапкан наны адамга таттуу+ сезилет, бирок кийин анын оозу шагылга толот+. 18  Ой-максат кеңеш менен ишке ашат+; согуш жүргүзгөндө жакшы жетекчилик изде+. 19  Бирөөгө жалаа жаап жүргөн киши купуя сырды ачат+; өз оозуна азгырылган адам менен байланышпа+. 20  Ата-энесин каргагандын+ чырагы күүгүм киргенде өчөт+. 21  Башында ач көздүк менен алынган мураска+ кийин бата тийбейт+. 22  «Жамандык үчүн өч алам»,— дебе+. Жахабага үмүт арт+, ошондо ал сени сактайт+. 23  Таразанын эки түрлүү ташы Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, туура эмес тараза жакшы эмес+. 24  Адамдын кадамын Жахаба багыттайт+. Пенде өз жолун кантип баамдай алат?+ 25  «Бул ыйык!»+ — деп ашыга кыйкырып коюп, берген убадалары+ жөнүндө кийин ойлонуу — адам үчүн тузак+. 26  Акылман падыша бузукуларды сапырат+, аларды дөңгөлөк менен тебелетет+. 27  Адамдын деми+ — Жахабанын ички дүйнөнү изилдеген чырагы+. 28  Мээримдүүлүк менен чындык падышаны коргойт+, мээримдүүлүгү менен ал өз тактысын бекемдейт+. 29  Жаштардын көркү — алардын күчү+, ал эми карылардын даңкы — буурул чач+. 30  Таяктан калган жараат кыянаттыктан арылтат+, сокку ички дүйнөнү тазалайт+.

Шилтемелер