Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 18:1—24

18  Башкалардан бөлүнгөн өзүмчүл каалоолоруна жетеленет+, акылмандыктын баарына каршы чыгат+.  Акылсызды кыраакылык кубандырбайт+, ал өз жүрөгүндөгүсүн гана билдиргиси келет+.  Ыймансыздын келиши менен жек көрүү да келет+, кадыр-барктын түшүшү менен шылдың келет+.  Адамдын оозунан чыккан сөздөр — терең суулар+. Акылмандыктын башаты — кайнар булак+.  Сотто ыймансызга бет карамалык кылуу да+, адил адамды четке кагуу да жакшы эмес+.  Акылсыздын тили урушка аралашат+, оозу муштум жедирет+.  Акылсыздын оозу — өзүнө өлүм+, тили — жанына жайылган тор+.  Жалаачынын сөзү даамдуу тамактай+, ал адамдын ичине сиңет+.  Ишин илең-салаң аткарган+ — бүлдүргүчтүн бир тууганы+. 10  Жахабанын ысмы — бекем мунара+. Ага адил адам качып кирип, коопсуз болот+. 11  Байдын мүлкү — анын бекем шаары+; ал ага бийик чептей көрүнөт+. 12  Жыгылар алдында адамдын жүрөгү текеберденет+, ал эми момундук даңкка жеткирет+. 13  Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе+, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат+. 14  Адамдын руху ооруну көтөрүүгө жардам берет+, бирок рух жараланган болсо, аны ким көтөрө алат?+ 15  Түшүнө билген адамдын жүрөгү билимге ээ болот+, акылмандардын кулагы билим издейт+. 16  Белек адамга кенен жол ачат+, ал анын аркасы менен атактуу адамдардын да алдына барат+. 17  Сот ишин ким биринчи баштаса, ошонуку туура+. Бирок атаандашы келет да, чын-төгүнүн текшерет+. 18  Өкчөмө таш талаш-тартышты токтотуп+, күчтүүлөрдүн ортосундагы чырды чечет+. 19  Ыза көргөн бир тууган чептүү шаардан да бекем+; чептин дарбазасынын бекиткичиндей болгон келишпестиктер да болот+. 20  Адамдын карды өз оозунун жемишине тоёт+, ал өз тилинин түшүмүнө тоёт+. 21  Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде+, аны жакшы көргөндөр анын жемишинен жейт+. 22  Ким жакшы аял тапса+, ал ырыс тапты+, Жахабанын ырайымына ээ болду+. 23  Жакыр жалбарып сүйлөйт+, ал эми бай орой жооп берет+. 24  Бири-бирин тытып жибергиси келген курбулар бар+, бирок бир туугандан да жакын дос болот+.

Шилтемелер