Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 17:1—28

17  Курмандыкка чалынган этке толгон, бирок уруш-талаш кетпеген үйгө караганда+ тынчтык бар жердеги бир сындырым каткан нан артык+.  Эстүү кул уятка калтырган уулду башкарат+, анын бир туугандары менен бирге мурас алат+.  Эритүүчү казан — күмүшкө, очок — алтынга+. Ал эми жүрөктөрдү Жахаба изилдейт+.  Карасанатай адам арам ойлуулардын сөзүнө көңүл бурат+. Калпычы кыянаттык кылгандардын айткандарына кулак төшөйт+.  Жакырды шылдыңдаган анын Жаратканына акарат кылат+. Бирөөнүн кырсыкка кабылганына сүйүнгөн жазасыз калбайт+.  Карыялардын таажысы — неберелери+, уулдардын көркү — атасы+.  Акылсызга чынчыл ооз жарашпайт+. Аттуу-баштууга калпычы тил андан бетер жарашпайт!+  Белек — ээси үчүн башкалардын көңүлүн ала турган асыл таш+. Ал каякка барбасын, ийгиликке жетет+.  Айыпты кечире билген сүйүү издейт+, ал эми аны эскерте берген жакын досторду бөлөт+. 10  Акылсызга урулган жүз балактан көрө+, түшүнүгү бар кишиге уккан жемеси күчтүүрөөк таасир этет+. 11  Бузукунун издегени — козголоң+, ага каршы ырайымсыз кабарчы жиберилет+. 12  Акылсыздыгы ашынган акылсызга жолуккандан көрө+, мамалактарынан ажыраган аюуга жолуккан жакшы+. 13  Жакшылыкка жамандык менен жооп берген+ кишинин үйүнөн жамандык кетпейт+. 14  Чыр-чатактын башталышы шар сууну коё бергендей+. Ошондуктан, уруш күчөп кете электе, кетип кал+. 15  Ыймансызды адил деп жарыялаган да+, адил адамды ыймансыз деп каралаган да+ Жахаба үчүн жийиркеничтүү+. 16  Акылсызга*, ниети бузук болгон соң+, акылмандыкка ээ кыла турган баалуулуктун кереги эмне?+ 17  Чыныгы дос ар убак сүйөт+, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай+. 18  Акылсыз* киши колун берип+, бирөөнүн көзүнчө кепилдикке өтөт+. 19  Күнөөнү жакшы көргөн уруш-талашты жакшы көрөт+. Дарбазасын бийик көтөргөн кыйроону издейт+. 20  Жүрөгү анткор жакшылык көрбөйт+, тили амалкөй кырсыкка кабылат+. 21  Акылсыз уул — атасынын кайгысы+, акылы жоктун атасы кубанбайт+. 22  Шайыр жүрөк — дарыдай даба+, ал эми жараланган рух сөөктү кургатат+. 23  Ыймансыз акыйкаттыктын жолдорун бурмалаш үчүн+ жең ичинен пара алат+. 24  Даанышмандык түшүнө билген адамдын бет алдында+, ал эми акылсыздын көзү жердин түбүндө+. 25  Акылсыз уул — атасынын шору+, энесинин кайгысы+. 26  Адил адамдан жаза пул алуу жакшы эмес+. Аттуу-баштуу кишиге кол көтөрүү адилетсиздикке жатат+. 27  Токтоолук менен сүйлөгөн билимге ээ+, кыраакы киши оор басырыктуу+. 28  Акылсыз унчукпай турганда акылдуудай+, сүйлөбөй турган киши түшүнүгү бардай көрүнөт.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемге».
Сөзмө-сөз: «Жүрөгү кем».