Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накыл сөздөр 11:1—31

11  Так эмес тараза Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми салмагы туура тараза ташы ага жагымдуу.  Менменсинүү келгенде, маскаралык да келет+. Ал эми акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү+.  Чынчылдарды кынтыксыздыгы жетектейт+, ал эми ишенимсиздерди амалкөйлүгү ойрон кылат+.  Каар төгүлө турган күнү байлыктан пайда болбойт+, адилдик болсо өлүмдөн аман алып калат+.  Айыпсыздын жолун адилдиги түздөйт+, ал эми ыймансыз өз ыймансыздыгынан улам кулайт+.  Чынчылдарды адилдиги куткарат+, ишенимсиздерди болсо өз каалоолору колго түшүрөт+.  Ыймансыз адам өлгөндө, үмүтү кошо жок болот+; өз күчүнө ишенүүчүлүк да ойрон болот+.  Адил адам кырсыктан кутулат+, анын ордуна ыймансыз тутулат+.  Чындыктан чегинген киши жакынын оозу менен ойрон кылат+, ал эми адилдер билими менен аман калат+. 10  Адил кишилердин жакшылыгы шаарды шаттантат+; ыймансыздар өлгөндө, кубанычтуу үндөр жаңырат+. 11  Чынчылдардын батасы менен шаар гүлдөйт+, ал эми ыймансыздардын оозу менен шаар талкаланат+. 12  Акылсыз* жакынын баркка албайт+, ал эми кыраакы унчукпайт+. 13  Бирөөгө жалаа жаап жүргөн киши+ купуя сырды ачат+, ал эми ишенимдүү* киши ишти купуя сактайт+. 14  Жакшы жетекчилик болбосо, эл кыйналат+, ал эми кеңешчилер көп болсо, куткарылат+. 15  Бөтөн бирөөгө кепил болгон өзүнө зыян келтирет+. Ал эми кепилдикке өтүп кол алышууну жаман көргөн тынч жашайт. 16  Ажарлуу аял даңкка жетет+, ал эми зулумдар байлыкка жетет. 17  Мээримдүү адам өз жанына жакшылык кылат+, таш боор болсо өз денесин азапка салат+. 18  Ыймансыздын жыйнаганы — арам оокат+, ал эми адилдикти сепкен киши адал киреше алат+. 19  Адилдикти жактаган адам өмүр жолунда+, ал эми жамандыктын артынан сая түшкөн адам өлүм жолунда+. 20  Жүрөгү бузулгандар Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми өз жолунда айыпсыз жүргөндөрдү ал жактырат+. 21  Бузукулар кол алышып макулдашса да, жазадан качып кутула алышпайт+, ал эми адил кишилердин тукуму куткарылат+. 22  Чочконун мурдуна тагылган алтын шакек кандай болсо, эстүүлүктү четке каккан сулуу аял да ошондой+. 23  Адил кишилердин каалоосу жакшылык гана+. Ал эми ыймансыздардын үмүтү каар кайнатат+. 24  Кай бирөө берешендик менен таратат, ошондо да мүлкү арта берет+. Башка бирөө жакшылык кылуудан качат, ошондо да жарыбайт+. 25  Берешен жан тоюнат+, башкалардын суусунун кандырган адамдын өзүнүн да суусуну канат+. 26  Ким данын катса, элдин каргышына калат. Сатса — бата алат+. 27  Ким жакшылык кылууга умтулса, ырайым табат+. Ким жамандык кылууну көздөсө, жамандыкка кабылат+. 28  Байлыгына таянган кулайт+, адил кишилер болсо жалбырактай көгөрөт+. 29  Өз үйүн бүлгүнгө учураткан адам+ энчисине шамал алат+; акылсыз адам болсо жүрөгү акылдууга кул болот. 30  Адил адамдын жемиши — өмүр дарагы+; башкаларга жакшылык кылууга түрткү берген адам акылдуу адам+. 31  Мына, адил адамга жер үстүндө өз тиешеси берилет+. Анда ыймансыз менен күнөөкөргө ого бетер тиешеси берилбейби?!+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Жүрөгү кем».
Сөзмө-сөз: «руху ишенимдүү».