Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Накум 1:1—15

1  Нинебиге чыгарылган өкүм+. Элкоштук Накумдун аян китеби.  Жахаба — толук берилгендикти талап кылган Кудай+. Жахаба душмандарын жазалайт+, алардын жаман иштерин унутпайт+, аларга каарын төгөт+. Жахаба өзүнүн душмандарынан өч алат+.  Жахаба зор күчкө ээ болсо да+, ачууланганга шашпайт+. Жахаба эч качан жазасыз калтырбайт+. Анын жолу кыйратуучу шамал менен бороондун ичинде, булуттар анын таман астындагы чаңдай+.  Ал деңизге тыюу салып+, аны кургатат, бардык дарыяларды какшытат+. Башан менен Кармел соолуп калды+, Лебанондун гүлү куурап калды.  Анын алдында тоолор титиреп, адырлар эриди+. Анын алдында жер да, бүт жер жүзү менен анда жашагандар да титирейт+.  Анын каарына ким туруштук бере алат?+ Анын кайнаган каарына ким каршы чыга алат?+ Анын каары оттой жалындайт+, анын алдында аскалар кыйрайт.  Жахаба жакшы+, ал алаамат күнү+ чеп болот+. Ал андан баш маана издегендерди билет+.  Ал аны* ташкындаган суу менен кыйратып жок кылат+. Анын душмандарынын артынан караңгылык кууйт+.  Жахабага каршы эмнени ойлоп жатасыңар?+ Ал силерди кырып жок кылат. Алаамат экинчи жолу кайталанбайт+. 10  Нинебиликтер тикен сыяктуу чырмалышып алышса да+, сыра*+ ичкендегидей мас болушса да, кургак самандай күйүп кетишет+. 11  Сенден Жахабага каршы иш кылууну ойлогон+, жамандык кылууну ойлогон бирөө чыгат+. 12  Жахаба мындай дейт: «Ашурлуктар* абдан күчтүү, көп болушса да, аларга кол салып, жок кылышат+. Жүйүт, мен сени эсиңе келтирем, андан кийин сени эсиңе келтирүүнүн зарылдыгы болбой калат+. 13  Ашурдун* сенин ийниңдеги жүк көтөргөн таягын сындырам+, кишендериңди үзөм+. 14  Нинеби*, Жахаба сен тууралуу мындай дейт: „Сенин ысмыңды алып жүргөн тукумуң болбойт+. Сенин кудайларыңдын үйүндөгү оюп жасалган буркандар менен куйма буркандарды жок кылам+. Мен сага мүрзө даярдайм+, анткени сен санда жок немесиң“. 15  Мына, тоолордо жакшы кабар жарыялап, тынчтыкты жар салып бирөө келатат+. Оо, Жүйүт, майрамдарыңды белгиле!+ Берген убадаларыңды аткар+, анткени мындан ары сенин жериңен бир да жүзү кара киши өтпөйт+. Ал биротоло жок болот»+.

Шилтемелер

Нинебини.
Пиво.
Сөзмө-сөз: «Алар».
Сөзмө-сөз: «Анын».
Же: «Ашурлук киши».