Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 8:1—20

8  Узак жашап+, укум-тукумуңар көбөйүшү үчүн жана Жахаба ата-бабаларыңарга убада кылган+ жерди ээлешиңер үчүн, мен бүгүн силерге буйрук кылган осуяттардын баарын кылдаттык менен аткаргыла+.  Жахаба Кудайыңдын сени момун болууга үйрөтүш үчүн+, сени сынап+, жүрөгүңдө эмне бар экенин+ жана анын осуяттарын аткарар-аткарбасыңды билиш үчүн кырк жыл чөлдө кандай жолдор менен алып жүргөнүн+ унутпа.  Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен жашай турганын билишиң үчүн+, ал сени ачкачылык менен алсыратты+ жана өзүң да, ата-бабаларың да билбеген манна менен азыктандырып+, момундукка үйрөттү.  Кырк жыл бою кийимиң жыртылган жок, бутуң да шишиген жок+.  Атасы баласын оңдоп-ашкерелегендей, Жахаба Кудайыңдын сени оңдоп-ашкерелегенин жакшы билесиң+.  Жахаба Кудайыңдын осуяттарын аткар: анын жолдору менен жүрүп+, андан корк+.  Анткени Жахаба Кудайың сени жакшы жерге+, өзөндөрүндө суу аккан, өрөөндөрү менен тоолуу аймактарында булактары менен суусу мол башаттары бар жерге+ алып баратат.  Ал жерде буудай, арпа, жүзүм, анжир, анар+, бал+, ошондой эле май бере турган зайтун дарактары бар.  Ал жерде нандан өксүбөйсүң, эч нерсеге муктаж болбойсуң. Ал жердин таштарында темир, тоолорунда жез кени бар. 10  Ошол жерде тойгончо ичип-жегениңде+ Жахаба Кудайыңа сага берген+ жакшы жери үчүн алкыш айт+. 11  Сак бол, Жахаба Кудайыңды унутуп калба+, анын мен бүгүн буйрук кылган осуяттарын, мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн аткарбай койбо+. 12  Тойгончо ичип-жегениңде, жакшы үйлөрдү куруп, аларда жашаганыңда+, 13  бодо малың менен майда малың, күмүшүң менен алтының жана башка мүлкүң көбөйгөндө, 14  жүрөгүң менменсинип+, сени Мисир жеринен, сен кул болуп жүргөн жерден, алып чыккан Жахаба Кудайыңды унутуп койбо+. 15  Ал сени уулуу жыландар+ менен чаяндар мекендеген, бир тамчы суусу жок эбегейсиз чоң, коркунучтуу чөл аркылуу алып өттү+, сага аска таштан суу чыгарып берди+. 16  Ал сага жакшы болсун деп+, сени сынаш үчүн жана момундукка үйрөтүш үчүн+, сени чөлдө ата-бабаларың билбеген манна менен азыктандырды+. 17  Сак бол, аны унутуп, өз жүрөгүңдө: „Бул байлыктын баарын өз күчүм, өз колум менен таптым“,— деп айтпа+. 18  Жахаба Кудайыңды унутпа, анткени байлык топтогонго күчтү сага ошол берип жатат+. Мунун баарын ал ата-бабаларыңа ант берип түзгөн келишимин бузбаш үчүн кылып келатат, ал өзүнүн келишимин бүгүнкүгө чейин бузбай келатат+. 19  Эгер Жахаба Кудайыңарды унутуп, башка кудайлардын артынан ээрчип кетсеңер жана аларга таазим этип, кызмат кылсаңар, анда силерге каршы күбө катары айтып коёюн, кырылып жок болосуңар+. 20  Жахаба Кудайыңарды укпаганыңар үчүн силер Жахаба алдыңарда кырып жаткан элдердей болуп жок болосуңар+.

Шилтемелер