Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 34:1—12

34  Андан кийин Муса Жерихонун тушундагы+ Мааптын чөлдүү түздүктөрүндөгү Небо тоосуна+, Пазги чокусуна+, чыкты. Жахаба ага ал жердин баарын: Гилаттан Данга+ чейинки жерлерди,  Напталынын жерин, Эпрайым менен Менашенин жерин, Жүйүттүн батыштагы деңизге чейинки+ жерлеринин баарын,  Негепти+, Иордан өрөөнүн*+, Жерихо өрөөнүн, курма дарактары өскөн шаарды+, ошондой эле Соарга+ чейинки жерлердин баарын көрсөттү.  Анан Жахаба Мусага: «Мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка: „Сенин тукумуңа берем“+,— деп убада кылган жер — ушул. Сен ал жерге барбайсың+, ошондуктан аны сага көрсөттүм»,— деди.  Ошондон кийин Жахабанын кызматчысы Муса+, Жахабанын айтканы боюнча, ошол Маап жеринде көз жумду+.  Ал* анын сөөгүн Маап жерине, Бет-Пеордун тушуна+ койду. Ал коюлган жерди азыркыга чейин эч ким билбейт+.  Көз жумганда Муса 120 жашта эле+. Ал алдан-күчтөн тая элек эле+, көзүнүн курчу да кете элек болчу+.  Ысрайыл уулдары Мааптын чөлдүү түздүктөрүндө Мусаны жоктоп отуз күн ыйлашты+. Анан Мусаны жоктоп аза күтүү күндөрү бүттү.  Муса Нундун уулу Жашыянын үстүнө колун койгондуктан+, Жашыяда акылмандык руху бар эле+. Ошондуктан Ысрайыл уулдары ага баш ийип, Жахаба Мусага эмнелерди буйруса, ошолордун баарын аткара башташты+. 10  Анткен менен Ысрайылда Мусадай пайгамбар болгон эмес+. Жахаба аны менен өзгөчө ынак мамиледе болгон*+. 11  Жахаба аны Мисир жеринде фараон менен анын кулдарынын алдында, бүт Мисир жеринде кандай керемет-жышаандарды көрсөтүш үчүн жиберсе, ал ошолордун баарын көрсөткөн+. 12  Ошондой эле Ысрайылдын көз алдында күчтүү колу менен коркунучтуу, улуу иштерди жасаган+.

Шилтемелер

Иордан өрөөнүнүн төмөнүрөөк келген жери.
Сыягы, Кудай.
Сөзмө-сөз: «бетме-бет билген».