Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 30:1—20

30  Бул сөздөрдүн баары — мен сага айткан баталар+ менен каргыштар+ — аткарылганда, Жахаба Кудайың сени чачыратып жиберген элдердин арасында жашап жатып+ ушуларды эстесең,+  өзүң да, уулдарың да Жахаба Кудайыңа кайрылып келип+, мен бүгүн буйрук кылгандардын баарын бүт жүрөгүң, бүт жаның менен аткарып+, анын тилин алсаң,  Жахаба Кудайың сени туткундан бошотуп+, сага ырайым кылат+, Жахаба Кудайың сени чачыратып жиберген элдердин арасынан кайра чогултуп алат+.  Чачырап кеткен элиң жердин түбүндө жашаса да, Жахаба Кудайың сени ошол жактан алып келип, чогултуп алат+.  Жахаба Кудайың сени ата-бабаларыңдын жерине алып келет, сен аны ээлейсиң+. Ал сага жакшылык кылып, укум-тукумуңду ата-бабаларыңан да көп кылат.  Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң, бүт жаның менен сүйүшүң үчүн+ жана өмүр сүрүшүң үчүн, Жахаба Кудайың сенин жана тукумдарыңдын+ жүрөгүн сүннөткө отургузат+.  Ал эми сени жек көргөн, куугунтуктаган душмандарыңдын баарын Жахаба Кудайың ушул каргыштарга калтырат+.  Сен болсо Жахабага кайрылып келип, анын тилин аласың, мен бүгүн буйрук кылган осуяттарынын баарын аткарасың+.  Жахаба Кудайың кылган иштериңдин баарына батасын берет+, балдарың, малың+, түшүмүң көп болот+, бардык жагынан гүлдөйсүң+, себеби Жахаба сага жакшылык кылып, ата-бабаларың үчүн кубангандай эле, сен үчүн да кайрадан кубанат+. 10  Анткени сен Жахаба Кудайыңа бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кайрылып келип+, Жахаба Кудайыңдын тилин аласың, анын бул мыйзам китебинде жазылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарасың+. 11  Мен бүгүн сага буйрук кылган осуят сен аткара албагыдай оор эмес, алыс да эмес+. 12  „Биз угуп, аткарышыбыз үчүн, аны асманга чыгып, ким алып келип берет?“ — дегидей, ал асманда эмес+. 13  Же: „Биз угуп, аткарышыбыз үчүн, аны деңиздин ары жагынан ким алып келип берет?“ — дегидей, ал деңиздин ары жагында да эмес. 14  Ал сөз сага жакын: сен аткара алышың үчүн+, ал сенин оозуңда жана жүрөгүңдө+. 15  Мына, мен сага эки жолду сунуш кылып жатам: бири өмүр менен жакшылыкка, экинчиси өлүм менен жамандыкка алып барат+. 16  Эгер Жахаба Кудайыңдын мен бүгүн буйрук кылган осуяттарын аткарсаң, Жахаба Кудайыңды сүйүп+, анын жолдору менен жүрсөң+, осуяттарын, көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын аткарсаң+, өмүрүң узун болуп+, укум-тукумуң көбөйөт. Жахаба Кудайың сага ээлегени бара жаткан жериңде батасын берет+. 17  Эгер жүрөгүңдү тескери буруп, анын тилин албай койсоң+, азгырылып, башка кудайларга таазим этип, аларга кызмат кыла баштасаң+, 18  анда, айтып коёюн, кырылып жок болосуңар+. Иордандан өтүп, ээлегени бараткан жерде көпкө жашабайсыңар. 19  Мен сага өмүр менен өлүмдү+, бата+ менен каргышты+ сунуш кылдым. Асман менен жер кылган иштериңдин баарына күбө болот+. Өзүң да, тукумуң да+ өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү танда+. 20  Жахаба Кудайыңды сүй+, анын тилин ал, ага ишенимдүү бойдон кал+. Анткени Жахаба сага өмүр берет, ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп убада кылган+ жерде өмүрүңдү узун кылат»+.

Шилтемелер