Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 26:1—19

26  Жахаба Кудайың энчиңе берген жерди ээлеп, ошол жерде жашап калганыңда+  Жахаба Кудайың сага берген жерден алган бардык түшүмүңдүн алгачкыларынан алып+, себетиңе сал да, Жахаба Кудайың өзүнүн ысмы үчүн тандаган жерге алып бар+.  Ошол убакта кызмат кылган дин кызматчыга барып+: „Мына, мен Жахаба бизге берем деп ата-бабаларыбызга убада кылган+ жерге келдим. Бүгүн муну Жахаба Кудайымдын алдында айтканы келдим“,— деп айт.  Дин кызматчы колуңдагы себетти алып, Жахаба Кудайыңдын курмандык жайынын алдына коёт.  Анан сен Жахаба Кудайыңдын алдында мындай деп айт: „Менин атам өмүрү коркунуч алдында турган сириялык* киши болгон+. Ал бир нече киши менен бирге Мисирге барып+, ал жерде келгин катары жашап калган+. Ошол жерде андан улуу, күчтүү, саны көп эл чыккан+.  Мисирликтер бизге жаман мамиле жасап, бизди эзип, кул кылып, оор жумушка салышкан+.  Ошондо биз ата-бабаларыбыздын Кудайы Жахабага жалынганбыз+. Жахаба үнүбүздү угуп+, тарткан азабыбызды, кыйналганыбызды, эзилгенибизди көрдү+.  Анан Жахаба бизди Мисирден сунулган күчтүү колу+, коркунучтуу, улуу иштери+, керемет-жышаандары+ менен алып чыкты.  Ал бизди бул жакка алып келип, сүт менен бал аккан ушул жерди берди+. 10  Ошондуктан мен Жахаба берген жерден алган түшүмүмдүн алгачкыларын алып келдим“+. Анан себетиңди Жахаба Кудайыңдын алдына коюп, Жахаба Кудайыңа таазим кыл+. 11  Өзүң да, леби да, сеникинде жашаган келгин да+ Жахаба Кудайыңдын сага жана үйүңдөгүлөрүңө берген бардык жакшы нерселерине кубангыла+. 12  Үчүнчү жылы+ алган түшүмүңдүн ондон бир бөлүгүн+ чогултуп, аны лебиге, жетим менен жесирге бер. Алар аны шаарыңда тойгончо жешсин+. 13  Жахаба Кудайыңа мындай деп айт: „Өзүмө ыйык нерселердин бирин да алып калган жокмун. Сенин осуяттарыңа ылайык, аларды лебиге, келгинге, жетим менен жесирге бердим+. Сенин осуяттарыңды бузган жокмун, аларды унуткан жокмун+. 14  Кайгырып жатканымда ыйык нерселерден жеген жокмун, таза эмес болгонумда аларга тийген жокмун, ыйык нерселерден өлгөндөр үчүн берген жокмун. Жахаба Кудайымдын айтканын уктум, баарын сен мага буйругандай кылдым. 15  Асмандан, ыйык турагыңдан, назарыңды салып+, ата-бабаларыбызга берген убадаң боюнча бизге берген бул жерге+, сүт менен бал аккан жерге+, ысрайыл элиңе батаңды бер“+. 16  Жахаба Кудайың бүгүн сага ушул көрсөтмөлөр менен мыйзамдардын баарын аткарууну буйрук кылып жатат+. Аларды бүт жүрөгүң менен+, бүт жаның+ менен аткар. 17  Сенин жообуңду угуп, Жахаба бүгүн сага, эгер анын жолдору менен жүрсөң, көрсөтмөлөрүн+, осуяттары+ менен мыйзамдарын+ аткарсаң, анын тилин алсаң+, сенин Кудайың болорун айтты. 18  Сен болсо Жахабанын кылган иштерин көрүп, ал өзү убада кылгандай+, анын эли, өзгөчө эли болоруңду+, анын осуяттарынын баарын аткарарыңды убада кылдың. 19  Жахаба Кудайың сени өзү жараткан башка элдердин баарынан жогору коёт+, ал өзү убада кылгандай, сен анын ыйык эли+, мактанычы, даңкы, сулуулугу болосуң».

Шилтемелер

Жакыптын Сириядагы Харанда жашаган убагы жөнүндө айтылып жатат.