Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 25:1—19

25  Эгер эки киши чатакташа кетип+, соттордун алдына барышса+, алар экөөнүн ишин териштирип көрүп, адилин адил деп, ыймансызын ыймансыз деп жарыялашы керек+.  Эгер ыймансызды жазалаш үчүн андан балак алыш керек болсо, анда сот аны алдына жаткызып, кылмышына жараша балак алдырсын+.  Андан кырк жолу балак алса болот. Бирок бир тууганыңдан ашыкча балак алып+, аны сенин көз алдыңда кемсинтпеши үчүн, кырктан ашык балак алганга болбойт.  Эгин бастырып жатканда өгүздүн оозун таңба+.  Эгер бир туугандар чогуу жашап, алардын бири уул көрбөй өлүп калса, анын аялы бөтөн кишиге турмушка чыкпасын. Күйөөсүнүн бир тууганы ага үйлөнүп+, өзүнүн милдетин аткарсын.  Бирок, өлгөн бир тууганынын аты ысрайыл элинин арасынан өчүп калбашы үчүн+, аялы төрөп берген тун баласы өлгөн бир тууганыныкы болуп эсептелет+.  Эгер кимдир бирөө өлгөн бир тууганынын аялына үйлөнгүсү келбесе, анда аял шаардын дарбазасынын алдында отурган аксакалдарга барып+: „Күйөөмдүн бир тууганы өз бир тууганынын атын ысрайыл элинин арасынан өчүрбөй сактап калуудан баш тартып жатат. Ал милдетин аткаруудан, мага үйлөнүүдөн баш тартып жатат“,— десин.  Шаардын аксакалдары ал кишини чакырып, сүйлөшүп көрүшөт. Эгерде ал: „Ага үйлөнгүм келбейт“,— десе+,  анда бир тууганынын жесир калган аялы аксакалдардын көзүнчө анын жанына басып барсын да, анын бутундагы сандалын чечип+, бетине түкүрүп+: „Бир тууганынын тукумун улагысы келбеген кишини ушундай кылат“,— десин+. 10  Андай кишинин үйү Ысрайылда „Сандалын чечтиргендин үйү“ деген атка конот. 11  Эки киши мушташып жатканда, биринин аялы келип, күйөөсүн куткарыш үчүн аны уруп жаткан кишини жыныстык мүчөсүнөн кармап алса+, 12  аялдын колун кесип сал, аны аяба+. 13  Баштыгыңда эки түрдүү: бири чоң, бири кичине тараза ташы болбосун+. 14  Үйүңдө эки түрдүү: бири чоң, бири кичине өлчөгүч болбосун+. 15  Жахаба Кудайың берген жерде узак жашашың үчүн, тараза ташың да, өлчөгүчүң да дайыма туура жана так болсун+. 16  Анткени андай иш кылган чынчыл эмес адамдардын баары Жахаба Кудайың үчүн жийиркеничтүү+. 17  Мисирден келатканыңарда Амалыктын тукумдарынын силерге эмне кылганын унутпагыла+. 18  Чарчап-чаалыгып келатканыңарда, алар артыңардан кол салып, артта калгандарыңарды өлтүрүшкөн, Кудайдан коркушкан эмес+. 19  Жахаба Кудайың энчиңе берип жаткан жерде Жахаба Кудайың айланаңдагы бардык душмандардан коргоп, тынчтык бергенде+, Амалыктын тукумдарын жер бетинен* жок кылып, эч качан эскерилбей тургандай кыл+, унутпа.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «асман астынан».