Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 24:1—22

24  Ким аял алгандан кийин анын кандайдыр бир жосунсуз жоругун көрүп+, аны жактырбай калса, талак кат жазып+, колуна берип, үйүнөн кетирип жиберсин+.  Аял анын үйүнөн кеткенден кийин башка бирөөгө тийсе болот+.  Эгер экинчи күйөөсү да аны жек көрүп калып, талак кат жазып берип, үйүнөн кетирип жиберсе же өлүп калса,  ал аял таза эмес болуп калгандыктан, биринчи күйөөсү ага кайра үйлөнө албайт+, анткени бул Жахаба үчүн жийиркеничтүү. Жахаба Кудайың энчиңе берген жерди күнөөгө батырба.  Эгер кайсы бир эркек жаңы эле үйлөнсө+, аскер кызматынан бошотулсун, ага башка милдеттер да жүктөлбөсүн. Ал бир жыл бою үйүндө болуп, аялынын көңүлүн ачсын+.  Эч ким жаргылчакты же анын үстүнкү ташын күрөөгө албасын+, анткени ал жанды* күрөөгө алган болот.  Ким Ысрайыл уулдарынын, бир туугандарынын, ичинен кимдир бирөөнү* уурдап кетип+, ага ырайымсыз мамиле кылып, сатып жиберсе+, ал киши өлүшү керек. Араңардан жамандыкты жок кылгыла+.  Эгер пес оорусунун жарасы+ пайда болсо, дин кызматчы-лебилердин айткандарынын баарын жасагыла+. Аларга буйругандарымдын бардыгын кылдаттык менен аткаргыла+.  Мисирден келе жатканыңарда Жахаба Кудайыңардын Мириямды эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла+. 10  Жакыныңа карызга бир нерсе берсең+, анын күрөөгө бере турган нерсесин+ алыш үчүн үйүнө кирбе. 11  Карыз алган киши күрөөгө бере турган нерсесин өзү алып чыгып бергиче, сыртта күтүп тур. 12  Эгер ал кыйналып жатса, күрөөгө берген нерсесин+ ага кайрып бермейинче жатпа. 13  Күрөөгө берген нерсесин ага күн батары менен кайтарып бер+, ал өзүнүн кийимин кийип жатсын+. Ошондо ал сага батасын берет+. Сенин бул кылганың Жахаба Кудайыңдын алдында адил иш болуп эсептелет+. 14  Жарды, кыйналып жүргөн жалданма жумушчуңду, ал бир тууганың болобу же сенин жериңде, шаарыңда жашаган келгин болобу, акысын берип жатканда алдаба+. 15  Ал кыйналып, эмгек акысына зар болуп тургандыктан, акысын ошол эле күнү күн батканга чейин бер+. Болбосо ал зар-муңун айтып Жахабага кайрылат+, ошондо күнөөлүү болуп каласың+. 16  Балдары үчүн аталары, аталары үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын+. Өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылышы керек+. 17  Келгиндин+ же жетимдин ишин карап жатканда чындыкты бурмалаба+, жесирдин кийимин күрөөгө алба+. 18  Мисирде кул болуп жүргөнүңдү жана Жахаба Кудайыңдын сени ал жактан кун төлөп сатып алганын эсиңден чыгарба+. Ошондуктан сага ушуларды аткарууну буйрук кылып жатам. 19  Талааңдагы түшүмүңдү жыйнаганда+ байлаган бооңду унутуп калсаң, аны алыш үчүн кайрылып барба. Жахаба Кудайың бардык иштериңе батасын бериши үчүн+, аны келгинге, жетим менен жесирге калтыр+. 20  Зайтундун мөмөлөрүн күбүп жатканда бутактардын арасын ачып карай бербе. Калып калган мөмөлөрүн келгинге, жетим менен жесирге калтыр+. 21  Жүзүмүңдүн түшүмүн жыйнаганда калып калгандарын тербе. Аларды келгинге, жетим менен жесирге калтыр. 22  Мисир жеринде кул болгонуңду эсиңден чыгарба+. Ошондуктан сага ушуларды аткарууну буйрук кылып жатам+.

Шилтемелер

Же: «жашоого зарыл каражатын».
Сөзмө-сөз: «жанды».