Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 23:1—25

23  Тукум бездерине доо кеткен+ же жыныстык мүчөсү кесилген+ киши Жахабанын жыйналышынын мүчөсү боло албайт.  Никесиз төрөлгөн+ эркек да Жахабанын жыйналышынын мүчөсү боло албайт. Атүгүл анын онунчу муунуна чейинки тукумдары да Жахабанын жыйналышынын мүчөсү боло албайт.  Амондун тукумдары да, Мааптын тукумдары да Жахабанын жыйналышынын мүчөсү боло албайт+. Атүгүл алардын онунчу муунуна чейинки тукумдары да Жахабанын жыйналышынын мүчөсү боло албайт, түбөлүккө ушундай болот.  Анткени Мисирден чыкканыңарда+, алар силерге жардам көрсөтүш үчүн нан менен суу беришкен эмес+, ошондой эле силерди каргаш үчүн Месопотамиядагы Петордо жашаган Беордун уулу Биламды жалдашкан+.  Бирок Жахаба Кудайың Биламды уккусу келген эмес+. Жахаба Кудайың сен үчүн анын каргышын батага айланткан+, анткени Жахаба Кудайың сени сүйөт+.  Өмүрүң өткөнчө алардын гүлдөп, тынчтыкта жашашына жол бербе+.  Эдомдун тукумдарын жек көрбө, анткени алар — сенин бир туугандарың+. Мисирликтерди да жек көрбө, анткени сен алардын жеринде келгин болгонсуң+.  Алардын үчүнчү муунундагы эркектери Жахабанын жыйналышынын мүчөсү боло алат.  Кошуунуңду душмандарың менен согушуу үчүн жайгаштырганда арамдалып калуудан сак бол+. 10  Эгер араңардан кайсы бир эркек, түн ичинде уругу агып, таза эмес болуп калса+, конуштун сыртына чыксын, конушка кирбесин+. 11  Ал кеч киргенде жуунсун, күн батканда конушка кирсе болот+. 12  Конуштун сыртынан өзүнчө жер бөлүп кой, зарыл учурда ошол жакка бар. 13  Куралдарыңдан тышкары күрөк ала жүр. Конуштун сыртына чыкканыңда чуңкур казып отур, анан заң-заараңды көмүп кой+. 14  Анткени Жахаба Кудайың сени куткарыш үчүн+, душмандарыңды колуңа салып бериш үчүн+ конушуңду аралап жүрөт. Ошондуктан ал таза эмес бир нерсе көрүп калып, сени таштап кетпеши үчүн+, конушуң ыйык болсун+. 15  Кожоюнунан качып, сеникине келген кулду кайра кожоюнунун колуна салып бербе+. 16  Ал силердин араңарда, өзү тандаган, өзүнө жаккан шаарда жашай берсин+. Ага жаман мамиле жасаба+. 17  Ысрайыл кыздарынын арасында ибадатканада сойкулук кылган бир да кыз болбошу керек+, ошондой эле Ысрайыл уулдарынын арасында ибадатканада бузуктук кылган бир да эркек* болбошу керек+. 18  Кандайдыр бир ант боюнча Жахаба Кудайыңдын үйүнө сойкунун акысын+ же иттин*+ баасын алып кирбе, анткени экөө тең Жахаба Кудайың үчүн жийиркеничтүү. 19  Бир тууганыңдан үстөк алба+. Ага акча бересиңби, тамак-аш бересиңби+, эмне берсең да, үстөк алба. 20  Бөтөн жерликтен+ үстөк алсаң болот, бирок ээлегени бараткан жерде+ Жахаба Кудайың бардык иш-аракеттериңе батасын бериши үчүн, бир тууганыңдан үстөк талап кылба+. 21  Жахаба Кудайыңа ант берсең+, кечиктирбей аткар+, анткени Жахаба Кудайың берген антыңды аткарышыңды талап кылат. Эгер аткарбасаң, күнөөлүү болуп каласың+. 22  Ант бербесең, күнөөлүү болбойсуң+. 23  Айткандарыңдын баарын аткар+, Жахаба Кудайыңа ыктыярдуу курмандык катары берген антыңа жараша иш кыл+. 24  Бирөөнүн жүзүмзарына кирсең, анын мөмөсүнөн каалашыңча же, бирок идишиңе терип алба+. 25  Бирөөнүн эгин талаасына барсаң, бышкан эгининен колуң менен үзүп алсаң болот+, бирок орок менен орбо.

Шилтемелер

Эркектер бузуктук кылуу үчүн колдонгон бала.
Кыязы, эркек балдарды жыныстык катнашка колдонгон эркекти билдирет.