Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 22:1—30

22  Бир тууганыңдын адашып калган букасын же коюн көрсөң, кыя өтүп кетпе+. Аны бир тууганыңа жеткирип бер+.  Эгер ал алыс жашаса же сен аны тааныбасаң, анда ал малды үйүңө алып барып, ээси издеп келгиче, үйүңдө кармап тур. Ээси келгенде, ага бер+.  Бир тууганыңдын жоготуп алган эшегин таап аласыңбы, кийиминби же дагы башка нерсесинби, эмнесин таап алба, ошондой кыл, кыя өтүп кетпе.  Бир тууганыңдын эшегинин же букасынын жолдо жыгылып калганын көрсөң, кыя өтүп кетпе. Бир тууганыңа аны тургузууга жардам бер+.  Аял эркектин, эркек аялдын кийимин кийбеши керек+, анткени андай кылгандардын баары Жахаба Кудайың үчүн жийиркеничтүү.  Жолдо баратып даракка же жерге салынган уяда балапандары менен жаткан+ же жумурткаларын басып жаткан канаттууну көрсөң, аны балапандары менен кошо алба+.  Балапандарын алсаң ал, бирок энесин коё бер. Өзүңө жакшы болушу үчүн, өмүрүң узун болушу үчүн ошент+.  Үй кура турган болсоң, кимдир бирөө кулап кетип, үйүңдөгүлөрдүн баары канга забын болуп калбашы үчүн, үйүңдүн үстүнө+ тегерете тосмо жасап кой.  Жүзүмзарыңа эки түрдүү урук сеппе+, болбосо сепкен уругуңдан өсүп чыккандын баары жана жүзүмзарыңдан жыйнаган түшүмдүн баары ыйык жайга таандык болуп калат. 10  Өгүз менен эшекти кошуп жер айдаба+. 11  Жүн менен зыгыр буласы аралаштырылып токулган кездемеден кийим кийбе+. 12  Үстүңө жамынган жамынчыңдын төрт учуна чачы тагып кой+. 13  Эгер кимдир бирөө аял алып, ага жакындагандан кийин аны жек көрүп калса+, 14  анан: „Мен муну аялдыкка алсам, кыз эмес болуп чыкты“— деп, анын ыпылас иш кылганын айтып+, жаманатты кылса+, 15  анда кыздын ата-энеси анын кыз экенин далилдеген нерсени алып, шаардын дарбазасынын алдында отурган аксакалдарга алып барышсын+. 16  Анан атасы аксакалдарга: „Мен кызымды буга берген болчумун. Бул болсо аны жек көрүп калып+: 17  “Кызыңыз кыз эмес болуп чыкты”+ — деп, аны ыпылас иш кылды+ деп каралап жатат. Мына, кызымдын кыз экенинин далили“,— деп айтсын. Анан шаардын аксакалдарынын алдына жамынчыны жайышсын. 18  Шаардын аксакалдары+ тиги кишини жазалашы керек+. 19  Ысрайылдык кызды жаманатты кылганы үчүн+, алар ага жүз күмүш шекел* төлөтүп, аны кыздын атасына беришсин. Кыз анын аялы болуп кала берет, күйөөсү аны менен ажыраша албайт. 20  Эгер кыздын кыз эмес экени чын болуп чыкса+, 21  анда аны атасынын үйүнүн алдына алып барып, шаардын бүт тургундары таш бараңга алышсын. Атасынын үйүндө жүрүп сойкулук кылып+, Ысрайылда уятсыз, ыпылас иш кылганы үчүн ал өлүшү керек+. Ошентип, араңардан жамандыкты жок кылгыла+. 22  Эгер кайсы бир эркек күйөөсү бар аял менен жатса+, анда экөө тең: аял менен жаткан эркек да, аял да өлүм жазасына тартылсын+. Ошентип, ысрайыл элинин арасынан жамандыкты жок кылгыла+. 23  Эгер кайсы бир эркек шаардан жигити менен убадалашып койгон кызды жолуктуруп+, аны менен жатса+, 24  анда экөөнү тең шаардын дарбазасынын алдына алып барып, таш бараңга алгыла. Экөө тең өлүшү керек: кыз шаарда жардамга чакырып кыйкырбаганы үчүн, ал эми эркек башка бирөөнүн аялын булгагандыгы үчүн өлүшү керек+. Ошентип, араңардан жамандыкты жок кылгыла+. 25  Эгер кайсы бир эркек талаадан жигити менен убадалашып койгон кызды кармап алып, аны менен жатса, анда ал өлүм жазасына тартылсын. 26  Ал эми кызга тийбегиле, анткени ал өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылган жок. Бул кимдир бирөө башка бирөөнү өлтүрүп койгонго+, өмүрдү* кыйганга окшогон эле жагдай. 27  Убадалашып койгон ал кызды тиги киши талаадан жолуктургандыктан, кыз кыйкырса да, аны куткара турган эч ким болгон эмес. 28  Эгер кайсы бир эркек эч ким менен убадалаша элек кызды кармап алып, аны менен жатса+ жана бул тууралуу билинип калса+, 29  анда ал киши кыздын атасына элүү күмүш шекел төлөп+, булгаганы үчүн кызды аялдыкка алсын. Ал аны менен ажыраша албайт+. 30  Эч ким атасынын аялын алып, атасынын этегин ачпасын+.

Шилтемелер

Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.
Сөзмө-сөз: «жанды».