Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 21:1—23

21  Эгер Жахаба Кудайың сага берген жерде талаадан кишинин өлүгү табылса, бирок аны ким өлтүргөнү белгисиз болсо+,  аксакалдар менен соттор+ барып, өлүк жаткан жерден анын тегерегиндеги шаарларга чейинки аралыкты өлчөп чыгышсын да,  эң жакын шаар кайсы экенин аныкташсын. Анан ошол шаардын аксакалдары малынын арасынан моюнтурук салына элек, жумушка салына элек кунажынды алып,  аны иштетилбеген, үрөн себилбеген, суусу бар өзөнгө жетелеп барышсын да, ошол жерден анын моюнун сындыра чабышсын+.  Ал жерге Леби уулдарынан чыккан дин кызматчылар да барышсын, анткени Жахаба Кудайың аларды өзүнө кызмат кылышы үчүн+ жана Жахабанын атынан элге бата бериши үчүн+ тандап алган. Кандай зордук-зомбулук жасалбасын, ага байланышкан талаш-тартышты ошолор чечишет+.  Кишинин өлүгү жаткан жерге эң жакын жайгашкан шаардын бардык аксакалдары өзөндө моюну сындырыла чабылган кунажындын үстүнө колдорун жууп+:  „Бул канды биздин колубуз төккөн жок, анын эмне болуп төгүлгөнүн да көргөн жокпуз+.  Оо, Жахаба, өзүң кун төлөп сатып алган ысрайыл элиңди+ айыптай көрбө, бейкүнөө кишинин каны үчүн ысрайыл элин айыпка жыга көрбө“,— дешсин+. Ошондо алар кан төгүлгөнү үчүн күнөөлүү болушпайт.  Ошентип, бейкүнөө кишинин каны үчүн айыптуу болбойсуңар+, анткени Жахабанын алдында туура иш кылган болосуңар+. 10  Душмандарың менен согушканыңда, Жахаба Кудайың аларды колуңа салып берип+, аларды туткунга алганыңда+ 11  туткундардын арасынан сулуу кызды көрүп жактырып калсаң+ жана аны аялдыкка алгың келсе, 12  анда аны үйүңө алып кел. Ал чачын кырып+, тырмактарын алсын, 13  туткунга түшкөндөгү кийимин чечсин, анан сенин үйүңдө жашап, ата-энесин толук бир ай жоктоп ыйласын+. Ошондон кийин ага жакындап, ага үйлөнсөң болот, ал сенин аялың болуп калат. 14  Эгер ал сага жакпай калса, каалаган жагына коё бер+, бирок аны сатпа. Ага катаал мамиле жасаба+, анткени аны зордоп алгансың. 15  Эгер кимдир бирөөнүн эки аялы болсо жана ал алардын бирин сүйүп, экинчисин сүйбөсө, анан эки аялы тең уул төрөп берсе, тун уулу сүйбөгөн аялыныкы болсо+, 16  анда ал киши уулдарына өзүнүн мал-мүлкүн, алардын энчисин, бөлүштүрүп жатканда сүйбөгөн аялы төрөп берген тун уулун жерип, туңгучтук укугун сүйгөн аялынын уулуна берип койбошу керек+. 17  Ал өзүнүн мал-мүлкүнөн сүйбөгөн аялынын уулуна тун уулу катары эки эсе көп бериши керек+, анткени ал — анын тукум улоочу күчүнүн башталышы+. Туңгучтук укугу ага таандык+. 18  Эгер кимдир бирөөнүн уулу өзүнүкүн бербеген ээнбаш чыгып+, атасынын да, энесинин да сөзүн укпаса+, алардын оңдоп-түзөгөнүнө кулак салбаса+, 19  анда ата-энеси аны өздөрү жашаган шаардын дарбазасынын алдында отурган аксакалдарга алып барып+: 20  „Уулубуз өзүнүкүн бербеген ээнбаш чыкты, биздин айтканыбызды укпайт+, соргок+, аракеч“+,— деп айтышсын. 21  Анан ал шаардын бүт тургундары аны таш бараңга алышсын. Ал өлүшү керек. Ошентип, араңардан жамандыкты жок кыласыңар. Ошондо бул тууралуу бүт Ысрайыл угуп, коркуп калат+. 22  Эгер кимдир бирөө өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылып, өлтүрүлгөндөн кийин+ устунга кадалса+, 23  өлүгү түнү бою устунда калбашы керек+. Анын сөөгүн ошол эле күнү кой, анткени устунга кадалган ар бир адам — Кудайдын каргышына калган адам+. Жахаба Кудайың энчиңе берип жаткан жерди булгаба+.

Шилтемелер