Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 19:1—21

19  Жахаба Кудайың сага берип жаткан жердеги элдерди Жахаба Кудайың жок кылганда+ жана сен алардын жерин ээлеп алып, шаарлары менен үйлөрүндө жашап калганыңда+,  Жахаба Кудайың сага берген жерден үч шаарды бөлүп кой+.  Ошол шаарларга барганга жол даярдап, Жахаба Кудайың сага берген жерди үчкө бөл, ар бир бөлүгүндө ошол үч шаардын бири болсун. Киши өлтүргөн адам ошол шаарларга качып барат+.  Кимдир бирөө өзү жек көрбөгөн адамды кокусунан өлтүрүп алса, аман калыш үчүн ошол шаарларга качып барса болот+.  Ошондой эле кимдир бирөө менен отун алганы токойго барган киши бакты кыйып жатканда, балтасынын башы чыгып кетип+, жанындагы кишиге тийип, ал өлүп калса, анда тиги киши аман калыш үчүн ошол шаарлардын бирине качып барышы керек+.  Болбосо жол алыс болгондуктан, өлгөн адамдын кунун кууган киши+ кызуу кандуулук менен кууп жетип, тиги киши өлгөн адамды жек көрбөгөндүктөн өлүм жазасына тартылбашы керек болсо да+, аны* өлтүрүп коюшу мүмкүн.  Мына ошондуктан мен сага: „Үч шаарды бөлүп кой“+,— деп буйрук кылып жатам.  Жахаба Кудайың, ата-бабаларыңа өзү убада кылгандай+, жериңди кеңейтип, сага ата-бабаларыңа убада кылган жердин баарын бергенде+,  мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын аткарып, Жахаба Кудайыңды сүйүп, дайыма анын жолдору менен жүргөнүң үчүн+, ал жердин баарын сага бергенде, бул үч шаардан сырткары дагы башка үч шаарды бөлүп кой+. 10  Аларды Жахаба Кудайың энчиңе берген жерде бейкүнөө адамдын+ каны төгүлүп, канга забын болбошуң үчүн+ бөлүп кой. 11  Эгер кимдир бирөө жашынып алып, өзү жек көргөн+ бирөөнү уруп, өлтүрүп койсо+, анан ошол шаарлардын бирине качып барса, 12  анда ал жашаган шаардын аксакалдары киши жиберип, аны ал жактан кайра алдырышсын да, өлгөн кишинин кунун кууган адамдын колуна салып беришсин, ал өлүшү керек+. 13  Аны аяба+. Өзүңө жакшы болушу үчүн, айыпсыз адамдын каны төгүлүп, күнөөлүү болуп калган Ысрайылды күнөөдөн арылт+. 14  Жахаба Кудайың энчиңе берип жаткан жерде башка бирөөнүн жеринин чек белгилерин ата-бабаларың койгон жерден жылдырба+. 15  Адам кандай күнөө кылбасын, аны күнөөлүү же айыптуу деп табыш үчүн бир күбө жетишсиз+. Анын иши эки же үч күбөнүн ырастоосу боюнча каралышы керек+. 16  Эгер күбө иши каралып жаткан кайсы бир кишиге жамандык ойлоп, аны күнөөлүү деп ырастаса+, 17  анда ортосунда талашы бар эки киши тең Жахабанын алдына, дин кызматчылар менен ошол убакта сот жүргүзгөн соттордун алдына, барсын+. 18  Соттор баарын жакшылап териштириши керек+. Эгер күбө калп айтып, бир тууганына жалган жалаа жапкан болсо, 19  анда ал бир тууганына кандай жамандык ойлосо, өзүнө да ошондой жамандык кылгыла+. Араңардан жамандыкты жок кылгыла+. 20  Ошондо бул тууралуу калган эл угуп, коркуп калат да, араңарда андай жаман иш экинчи жасалбайт+. 21  Андай кишини аяба+: жанга жан, көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «анын жанын». Бул Мз 19:11-аятка да тиешелүү.