Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 18:1—22

18  Дин кызматчы-лебилерге, бүт Леби уруусуна, Ысрайыл менен бирге үлүш же энчи берилбейт+. Алар Жахабага арналган өрттөлүүчү тартууларды, анын үлүшүн, жешет+.  Аларга бир туугандары менен бирге энчи берилбейт. Алардын энчиси — Жахаба+, муну ал өзү айткан.  Элдин арасынан кимдир бирөө курмандыкка бука же кой алып келгенде, анын далысы, жаагы, карыны дин кызматчыга берилсин.  Ага эгиниңдин алгачкы түшүмүн, жаңы шарабың менен майыңдын биринчисин жана койлоруңдун биринчи кыркылган жүнүн да бер+.  Анткени Жахаба Кудайың лебилерди бардык урууларыңардын ичинен, алар өздөрү да, алардын уулдары да Жахабанын алдында туруп, дайыма анын атынан кызмат кылышы үчүн, тандап алган+.  Ысрайылдын шаарларынын биринде бир канча убакыт жашагандан кийин+ леби ал жактан чыгып, өз каалоосу менен Жахаба тандаган жерге барса+,  ал жерде Жахабанын алдында туруп кызмат кылган бир туугандары лебилердей болуп Жахаба Кудайынын атынан кызмат кылсын+.  Атасынан калган мүлктү сатып, каражаты бар болсо да, анын жей турган үлүшү+ тиги лебилердики менен бирдей болсун.  Жахаба Кудайың берип жаткан жерге барганыңда ал жердеги элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылба+. 10  Элиңдин арасында уулун же кызын отко салгандар*+, төлгө ачкандар+, сыйкырчылык кылгандар+, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар+, 11  бирөөлөрдү дубалагандар+, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар+, келечекти алдын ала айткандар+, өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр+ болбосун. 12  Анткени буларды кылгандардын баары Жахаба үчүн жийиркеничтүү. Жахаба Кудайың ал элдерди ушул жийиркеничтүү иштерди кылганы үчүн сенин алдыңан кууп чыгып жатат+. 13  Жахаба Кудайыңдын алдында кынтыксыз бол+. 14  Сен ээлегени бараткан жерде жашаган элдер сыйкырчылык кылгандар+ менен төлгө ачкандарга+ кайрылышат. Сага болсо Жахаба Кудайың андай кылууга тыюу салган+. 15  Жахаба Кудайың сага элиңдин арасынан, бир туугандарыңдын арасынан, мен сыяктуу пайгамбарды дайындайт, ошону уккула+. 16  Анткени Хореп тоосуна чогулган күнү+ силер: „Өлүп калбашыбыз үчүн Жахаба Кудайыбыздын үнүн укпай эле коёлу, бул улуу отту көрбөй эле коёлу“,— деп Жахаба Кудайыңардан сурангансыңар+. 17  Ошондо Жахаба мага мындай деген: „Алардын айткандарынын баары жакшы+. 18  Мен аларга бир туугандарынын арасынан сен сыяктуу пайгамбар дайындап+, анын оозуна өзүмдүн сөздөрүмдү салам+, ошондуктан ал аларга мен буйругандын баарын айтат+. 19  Ким ал пайгамбардын менин атымдан айткан сөздөрүн укпаса, мен аны жоопко тартам+. 20  Менин атымдан мен буйрук кылбаган сөздөрдү айтууга батынган+ же башка кудайлардын атынан сүйлөгөн пайгамбар+ өлүм жазасына тартылышы керек+. 21  Балким, силер: “Кайсы сөздөрдү Жахаба айтпаганын кантип билебиз?” — дейттирсиңер+. 22  Аны мындан билсеңер болот: эгер пайгамбардын Жахабанын атынан айткан сөздөрү аткарылбаса, анда аларды Жахаба айткан эмес, аларды пайгамбар өзү билип айткан болот+. Андан коркпо“+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «оттон өткөргөндөр».