Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 17:1—20

17  Жахаба Кудайыңа кандайдыр бир кемтиги бар буканы же койду курмандыкка чалба+, анткени бул Жахаба Кудайыңдын алдында жийиркеничтүү.  Эгер Жахаба Кудайың берген шаарлардын биринде кайсы бир эркек же аял Жахаба Кудайыңдын келишимин бузуп+, анын алдында жаман иш кылса,  буйругумду бузуп+, башка кудайларга, күнгө, айга же асмандагы башка нерселерге таазим кыла баштаса+ жана  сен ал тууралуу уккандан кийин баарын жакшылап териштирип көрүп, айтылгандардын чын экенин, Ысрайылда чын эле ошондой жийиркеничтүү иш жасалганын билсең+,  андай жаман иш кылган эркекти же аялды дарбазанын алдына алып барып, таш бараңга ал. Андай адам өлүшү керек+.  Бирок адамды өлүм жазасына тартыш үчүн эки же үч күбөнүн ырастоосу керек+. Аны бир эле күбөнүн ырастоосу боюнча өлүм жазасына тартканга болбойт+.  Аны өлтүрүш үчүн күбөлөр биринчи таш ыргытсын, анан калган эл ыргытсын+. Араңардан жамандыкты жок кылгыла+.  Эгер сен жашаган шаарда жасалган кайсы бир ишке, мисалы, кан төгүүгө+, арыз-доого+, зордук-зомбулукка же кандайдыр бир талашка+ байланыштуу чечим чыгаруу кыйын болуп жатса+, Жахаба Кудайың тандаган жерге+ бар да,  дин кызматчы-лебилерге+ жана ошол убакта сот жүргүзгөн сотко+ кайрылып, алардан сура. Алар чечим чыгарып, сага айтышат+. 10  Анан сен алардын Жахаба тандаган жерде айткандарына ылайык иш кыл. Алар айткандардын баарын так аткар. 11  Алар көрсөткөн мыйзамга, алар чыгарган чечимге ылайык иш кыл+. Алардын айткандарынан оңго да, солго да бурулба+. 12  Эгер адам менменсинип+, Жахаба Кудайыңдын алдында кызмат кылган дин кызматчыны же сотту укпай койсо, өлүм жазасына тартылышы керек+. Ысрайыл элинин арасынан жамандыкты жок кылгыла+. 13  Ошондо бул тууралуу бүт эл угуп, коркуп калат+ да, эч ким менменсинбей калат. 14  Жахаба Кудайың берип жаткан жерге барып, аны ээлеп, ошол жерде жашап калганыңда+: „Тегерегимдеги башка элдердей болуп, өзүмө падыша коёюн“+,— десең, 15  анда падыша кылып Жахаба Кудайың тандаган кишини кой+. Ал бир туугандарыңдын арасынан болушу керек. Бир тууганың болбогон бөтөн жерлик кишини өзүңө падыша кылып койбо. 16  Падыша жылкысын көбөйтпөсүн+, жылкысын көбөйтүш үчүн элди кайра Мисирге жөнөтпөсүн+. Анткени Жахаба: „Эл Мисирге кайра барбасын“,— деген. 17  Ошондой эле ал, жүрөгү бузулбашы үчүн, көп аял албасын+, алтын-күмүштү ашык жыйнабасын+. 18  Падышалык тактыга отурганда дин кызматчы-лебилер сактаган китептеги мыйзамды өзүнө көчүрүп алсын+. 19  Жахаба Кудайынан коркконго үйрөнүш үчүн, мыйзамда жазылган сөздөр менен көрсөтмөлөргө карманып, аларды аткарышы үчүн+, ал көчүрмөнү сактап, өмүр бою окушу керек+. 20  Жүрөгү менменсинип, өзүн бир туугандарынан жогору койбошу үчүн+, бул осуяттардан оңго да, солго да бурулбашы үчүн+ жана өзү да, уулдары да ысрайыл элине узак убакыт бою падышалык кылышы үчүн+ ал аны өмүр бою окушу керек.

Шилтемелер